КЕРЕГЕ ЧАЛГЫЧ
КЕРЕГЕ ЧАЛГЫЧ — өрмөкчүлүк аркылуу бүткөн боз үйдүн боочуларынын бири. Жайылган кереге баштарына чалына оролуп, тегерете курчалган сызма. Мунун эни «үзүк боо», «жабык баш боо», «туурдук боо» өңдүүлөрдөй келет. Өрмөктүн эриши ошолордой күзүктөлөт да, аларга түшүрүлүүчү көркөм көчөттөр терилет. Кереге чалгычка «чатыраш» деген көчөттү согуу үчүн үстүңкү жип (19+19) астыңкы тал жип да (19—19) болот. Өрмөктүн четиндеги төрт… Кененирээк »