КИЙИТ
КИЙИТ — Эки куда катташкан убактарда кийилүүчү кийим. Илгертен келе жаткан сый. Кызын берип жаткан кишилерге ыраазылык билдирүү, алардын көңүлүн алуу, жөн эле жарашпаган бир майда-чүйдө кийим-кече Менен эмес, алардын бойлоруна чак, купулуна толорлук кийим тигилген. Ырас, кыздын ата-энеси да жооп ирээтинде уулдун ата-энесине кийим кылышат. Кийит даярдоо — узчулукту билдирет. Кийитке ичик, чепкен, чапан, кемсел, бешмант, тебетей, калпак,… Кененирээк »