Tag Archives: кол өнөрчүлүк

ЧАЧЫК

ЧАЧЫК — элдик түймөчүлүктүн бир түрү. Ал эки ыкма менен жүзөгө ашат. Түймө чачыны керип алып, бир баштан түйүүнү бир эле уз аткарат. «Төкмө чачыга» эки же андан ашуун адамдын колу тиет. Бирөө чачыктын эришин эпилдетип өткөрсө, беркиси катуу чыйратылган жипти калыбынан жылдырбай өткөрүп турат. Ошентип, чыйратуусу келишкен жип тегиз селкилдеп, төкмө чачысы көңүлгө тойгондой элести тартуулайт. Төкмө… Кененирээк »

ЧАЧПАПИК

«Эңкейсе эрке чайпалган, күбөңдү сагындым» (Аалы). Бул — азем буюмунун бир түрү. Бапик анын коюу төкмө чачыларынан улам айтылат. Чолпунун бир түрү. «Күбөк» деп да аталат. Ал да кол жеткиздей кооз жасалат. Күбөктү кармоонун өзүнчө таасын ыкмасы бар. Чачта анын өтө эле келишимдүү көрүнө турган кооздуктары өзү эле баамдалат. Бул азем буюм Талас, Кетмен-Төбө, Ала-Бука, Чаткал, Аксы тараптагы… Кененирээк »

ЧАЧКАП

«Чачкап таккан чачыңан. Үргүлөйүн ай тамак» (эл ыры). Бул — азем буюмдардын бири. Ал чолпу менен чач учтукту жаап, чачты чаңдан сактап, кооздук үчүн тагылат. Анын жердиги, кара, кызыл, жашыл, көк өңдөгү тас баркуттан тандалат да, эки өрүм чачка чакталып жасалган. Мунун бетине түшкөн көркөм шөкөттөр да ар кандай болот. Түшкөн көрчөгөлөрдүн формасы түрдөнүп, сайма көчөтү сымал алмаша… Кененирээк »

ЧАЧПАК

«Күмүштөн чачпак сооруңда, Күлгөнүң турат оюмда» (Боогачы). Бул — зер буюму. Кыз-келиндердин (кээде улгайган аялдардын да) аземдик үчүн тагынган кооз жасалгасы, чолпунун бир түрү. Ал үч бөлүктөн турат: башы (чач байлана турган жагы), ортосу (кооздуктар тагылган тарабы) жана учу (чачы). Азем көркөмдүктөр кадалган жагы. Чачпактын жасалышы боюнча ар бир элдин жекече маданий өзгөчөлүктөрү байкалып турат

ЧАРПИЯ (СУПА)

ЧАРПИЯ (СУПА) — Төрт буттуу секиче. Бул — аймактык бөтөнчөлүктөрү бар жыгач буюму. Коомдук жайларда, чайканаларда, же үйлөрдө турмуш-тиричилик үчүн чарпаянын мааниси зор. Мында төрт-беш адам жайынча отурат, тамак ичет, эс алат, төшөк салып уктоого да болот. Ал өзүнчө куттуу жайды элестетет. Күндөлүк жашоону канааттандырууга шартташкан бул өңдүү чоң жыгач керебет арчадан да, карагайдан да, талдан да, теректен… Кененирээк »

ЧАПКЫЛОО

ЧАПКЫЛОО — Элдик зергерчиликтин бир ыкмасы. Бул — бетине ар түркүн издерди түшүрүү аркылуу буюмду кооздоо. Металл бетине оюм-чийим түшүрүү. Муну бүгүнкү зергерлер абдан пайдаланышат. Алар жез, мис, коло, датчалбас, нейзильберь, мельхиор, калай өңдүү заттарды тандабай, бирдей даражада иштетүүлөрүнөн билинүүдө. Бул ыкма менен зергерлердин өз колунан жасап алган аспап-чапкыларынын көп түрү бар. Аны бири-биринен чатыштырбай, темир бетине даана… Кененирээк »

ЧАПАН

«Туугандыгын билгизип, Тукабадан сарпай кийгизип». («Манас») («Сарпай» — «чапан» деген түшүнүктү берет.) Бул — сырт кийимдин бир түрү. Чапандын жердиги башайы, сатин, нооту, бөз, мата, трайке өңдүүлөрдөн тандалат. Жеңи менен бою бир бычылган ага жүн, кебез салып, жука кездемелерден ичтелет. Чапандын ичи-сыртын бирдей шырыйт. Элибизде каптама чапан мүнөздүү болгон. Кийим мында кенен бычылат да, ичи шырылган, сырты капталган.… Кененирээк »

ЧАМГАРАК

ЧАМГАРАК — түндүктүн негизги бөлүгү. Аны чеберлер каалагандай жасай алышат. Ал кооздугуна карай үч-төрт катардан коюлушу ыктымал. Чамгарак тешиктери ууктукуна карама-каршы үстүнөн тешилет. Эми баскак болсо чамгарактын үстүнө түшөт. Ал чамгарактардын жылып кетпеси жана кооздук үчүн коюлат. Жалпы алганда Баскак кандайдыр көркөм оюм түспөлүндө берилет. Муну усталар кол жеткистей кармоодо.

ЧАКЧА (НАСКАБАК)

«Чалдар да жыргап ал кезде, Чакчадан насын чекчү эле» (Байдылда). Бул — назбай чегүүчүлөрдүн өздүк буюму. Илгери элибизде мүйүз чакча урунуу салттуу болгон. Ага назбай салынып, чөнтөккө дайыма сакталуучу. Бул чакан идиш күмүштөн да, жезден да, мистен да, калайдан да чүкүрттөлүп жасалып, анын бетине кадимки металлга таандык элдик көркөм оюм-чийим түшкөн. Ашкабактан кургатылып оюлган чакчаны «наскабак» дейт. Муну… Кененирээк »

ЧАВАДАН

ЧАВАДАН — Жаздыктын алдынан башка жаздалуучу, жүккө жыюуда өзүнчө көрк ыроолочу сеп катары кызга берилүүчү килемче. Анын калган бөлүгү бөздөн, таардан тышталып, ичинде кебез же саман салынган. Ал кадимки жаздыктык милдет аткарат. Болжолдо орточо чавадандын узунуна — «эришине» 150 тал жип кетет да, анын каттай чыйратылган жоондугу бир мм дей эчкинин кылтагынан аркагы болот. Муну эки метрдей кылып… Кененирээк »