КОМПРОМИСС
КОМПРОМИСС саясатта (лат. compromissum) – карама-каршы, түрдүү пикирлердин, багыттардын ж. б. ортосундагы өз ара макул болуу жолу менен жетишилген келишим. Практикалык, күндөлүк аң-сезимдин деңгээлинде К. «алтын ортолук» позиция катары кабыл алынат. Саясий контекстте К. термини биринчи жолу нидерланддык дворяндардын ортосунда 1566-ж. түзүлгөн келишимдин аты катары колдонулган. Ал ошол убакта Нидерланды башкарган испандыктарга, королдук укуктарга жана инквизицияга каршы болгон.… Кененирээк »