Tag Archives: КУРЖУН

КУРЖУН

«Көк-Талдан көчүн эңкейткен, Көк куржунун деңкейткен, Ак-Талдан көчүн эңкейткен, Ак куржунун деңкейткен» (Жеңижок). Бул — ортосу бириктирилген кош көздүү баштык. Ал ар кандай көлөмдө жасалат. Орточо куржундун бир көзү 50×50 см келет. Аны айланта «милте» (жээк) коюп, чети жана бурчтары чачыланат. Бул килемден да жасалат. Куржундун килиттери болот. (Килиттөө — куржундун көзүн топчулоо). Ал төрт кат чыйратылган жиптен… Кененирээк »