Tag Archives: куудул

КУЙРУЧУК

КУЙРУЧУК,  Кудайберген  Өмүрзак уулу (1899, Жумгал р-ну  –  1940)  –  куудул, сынчы. Эл шайырларынын ичинен кимдин болсун бетине тайманбай сүйлөгөн өктөмдүгү, чечекейдей чечендиги, кумарды жазган куудул, анык психолог, сынчы, ырчылыгы менен башкалардан бөтөнчөлөнүп турган өнөр ээси болгон. «Куйручук” деген ысымды Байзак ыйгарган. Эки жашында энесинен айрылып, бешке чыкканча «куу далы”, «итий” болуп, жетиге чыкканча «бечел” болуп баспай, ар кимден көп кагуу жеп,  өнөрү  эрте калыптанган. Куудулдук,… Кененирээк »

ШАРШЕН ТЕРМЕЧИКОВ

ТЕРМЕЧИКОВ Шаршен (1896-ж. т., Сокулук району   –  1942, Бишкек)  –  куудул. Шаршендин кыргыздын шайырдык өнөрүн гүлдөткөн теңдешсиз куудул деп айтууга болот. Ага жалаң  куудулдук жактан тең  келген эл шайыр ага чейин болгон эмес, мындан ары да чыгат деп айтуу кыйын.  Өнөр көрсөтүү менен жан багууга болоорун түшүнүп, кийин чындап эле бул жагынан таланттуу экенине ынанып, биротоло куудулдуктун жолуна түшкөн. Ага Адамкалый, Осмонкулдардын таасири катуу тийген.… Кененирээк »