Tag Archives: куш

АЛП КАРА КУШ

АЛП КАРА КУШ — оң каармандарга колдоо көрсөтүүчү сыйкырдуу, абдан зор куш, бүркүттүн мифтештирилген кейпи. Түрк элдеринин оозеки чыгармаларында кездешүүчү А. к. к., ажыдаардын туруктуу колдоочулар болушун байыркы мезгилге байланыштуу кароо керек. А. П. Окладников түрк-моңгол элдеринин көпчүлүк чыгармаларында бүркүттүн образы жөнүндө: «бакты-таалайдын жана молчулуктун залогу катары, мал менен кесипчилик кылган коомдун эң жогорку колдоочусу катары ыйык асмандын… Кененирээк »

АЛГЫР КУШТАР

АЛГЫР КУШТАР, кыраан куштар — аң (карышкыр, түлкү, сүлөөсүн, коён жана башкалар), илбээсин (кыргоол, кекилик, чил, тоодак, өрдөк, каз, көгүчкөн жана башкалар), боз куштарды (чымчык, таранчы, торгой, чакчыгай жана башкалар.) алуучу жана аларды уулоо үчүн атайын тапталуучу жырткыч куштар. Аларга: буудайык, бүркүт, ителги, куш, ылаачын, турумтай, жагалмай, борбаш, кыргый өңдүүлөр кирет. Булардын ичинен бүркүт, куш, жагалмай, турумтай, кыргый… Кененирээк »