Tag Archives: кыймыл

КЫРГЫЗСТАН ДЕМОКРАТИЯЛЫК КЫЙМЫЛЫ

КЫРГЫЗСТАН ДЕМОКРАТИЯЛЫК КЫЙМЫЛЫ партиясы (КДКП). Кыргызстан Демократиялык кыймылынын  1993-ж. 29-майда болуп өткөн Ш съезди КДК партиясынын уюштуруу съезд катары эсептелинет. Мамлекеттик  каттооодон 1993-ж. 15-июлда эткөн. Бул мезгилге карата КДК массалык кыймыл катары өзүнүн милдеттерин аткарып, ал  кыймылдын коомду демократташтыруу боюнча койгон талаптарынын бир бөлүгү аткарылып, ал эми негизгилери болсо  мамлекеттик саясатка айланып калган. КДКны колдогон калк эми Президенттин… Кененирээк »

КЫРГЫЗСТАН ДЕМОКРАТИЯЛЫК КЫЙМЫЛЫ (КДК)

КЫРГЫЗСТАН ДЕМОКРАТИЯЛЫК КЫЙМЫЛЫ (КДК) – улуттук кайра жаралуу багытындагы, Кыргызстандын  формалдуу уюмдарынын демилгеси менен түзүлгөн кыймыл. Уюштуруу конференциясы 26–27-майда 1990-ж. Бишкек  шаарында болгон. Юстиция министрлигинде каттооодон 11-ноябрда 1990-жылы өткөн. 1993-ж. 29-майдан – Кыргызстан  Демократиялык кыймылы партиясы болуп кайра түзүлгөн. Ар кимиси өз алдынча, чачыранды аракет кылган  коммунисттик режимге каршы күрөшүшкөн 24 коомдук уюмдар биригишип – КДК уюштурган. Алардын… Кененирээк »

КООПЕРАТИВДИК КЫЙМЫЛ

КООПЕРАТИВДИК КЫЙМЫЛ – (лат. сoperatio – кызматташтык) адамдардын тобу жалпы чарбага (кооперация)  бириктирүү жолу менен, экономикалык турмушту уюштуруунун капитализмге альтернативдүү ыкмасын түзүү үчүн  кыймыл. Артелдик типтеги биринчи кооперативдик ассоциациялар алгач ХVIII к. аягында Англияда, өнөр жай  революциясынын кесепетинен коргоо каражаты катары ун чыгаруу жана нан жасоо өндүрүшүнүн жумушчуларынын  арасында пайда болгон. Ийгиликтүү ишмердүүлүгүнө карабай, бул мезгилдин кооперативдери коомдук… Кененирээк »

КОММУНИТАРДЫК КЫЙМЫЛ

КОММУНИТАРДЫК КЫЙМЫЛ жаңы социалдык кыймылдардын бутагына таандык; индивиддин өздүк стилине жана  жашоо образына, өздүк чөйрөсүн калыптандыруу укугун коргойт. К. к. көп учурда коомдук турмуштун эскирген  формаларынын кыйрашы менен коштолгон өзгөчө интенсивдүү модерндештирүү мезгилдеринде активдештирилген. Ага  мисал: европалык романтизм менен америкалык коммунитаризм: биринчиси – өнөр жай революциясына эпкиндүү жооп  катары болсо, экинчиси – ХV к. башындагы урбанизацияга жооп болгон.… Кененирээк »

ДЕМОКРАТТЫК КЫЙМЫЛДАР

ДЕМОКРАТТЫК КЫЙМЫЛДАР азыркы мезгилдеги коомдук өнүгүүнүн эң башкы кыймылдаткыч күчү.  Прогрессивдүү реформаны жүргүзүү, глобалдык, регионалдык жана улуттук проблемаларды чечүү Д. к-дын максаты  болуп саналат. Коомдук өз алдынча ишмердикке ээ социалдык таптар, ассоциациялар, коалициялар, союздар,  козголуштар Д. к-дын структурасын түзүшөт. Д. к. өзүнүн өнүгүшүндө бир нече этаптарды басып өткөн акыркы  жылдары пайда болгондору: «жаңы демократтык кыймыл», «жаңы социалдык кыймыл», «Кыргызтан… Кененирээк »

«АШАР» – коомдук-саясий кыймыл.

«АШАР» – коомдук-саясий кыймыл. 1989-ж. 15-июлда уюштуруу конференциясы болуп, ага 32 баштапкы уюмдан 250 делегат катышкан. «А-дын» уставы каттооодон 1991-ж. 20-декабрда өткөн. 1989-ж. май-июнь айларында батирлерде жашап жүрүшкөн миңдеген кыргыз жаштарынын Фрунзе шаарынын тегерегиндеги жерлерди үй куруу үчүн өз алдынча басып ала башташы «А-дын» түзүлүшүнө себеп болгон. Кыймылдын уюштуруу конференциясын даярдоо учурунда жана уставын каттооодон өткөрүүгө бийлик тарабынан… Кененирээк »

АЛЬТЕРНАТИВДИК КЫЙМЫЛДАР

АЛЬТЕРНАТИВДИК КЫЙМЫЛДАР. Жаңы коомдук кыймылдар, азыркы доордун глобалдык, курч маселелерин, экология, согуш жана тынчтык, жашоо сапатын чечүүдө традициялык жол менен эмес, жаңы жол табуу. ХХ к. 70-ж. Франция, ФРГда пайда болгон. Кийинчерээк Батыш Европа өлкөлөрүндө, АКШда, Канадада, Японияда, Австралияда, Жаңы Зеландияда, Чыгыш Европа өлкөлөрүндө пайда болгон. Бул кыймылдардын пайда болушунун негизги себеби – цивилизациянын кризиси. А. к. социалдык… Кененирээк »

ӨЗДҮК КЫЙМЫЛ

ӨЗДҮК КЫЙМЫЛ (Самодвижение), Өз кыймылы, ички кыймыл, тубаса кыймыл ички карама-каршылыктардын күрөшүнөн келип чыккан табияттагы ж-а коомдогу кыймылды билдирүүчү философиялык категория. Табияттагы, коомдогу бардык кубулуштардын өзгөрүүлөрүнүн негизги себеби кандайдыр бир сырттан болгон күчтүн таасирине байланыштуу болот деген түшүнүккө карама-каршы келген көз караш. Байыркы материалисттер кыймылды жаратылыштын өзүнө таандык касиет катары карап, алардын дайыма биригип ж-а ажырап тура тургандыгын… Кененирээк »

ЧЫГЫШ ТҮРКСТАНДЫК ЖЕРГИЛИКТҮҮ КАЛКТЫ ЦИНДИК БИЙЛИКТЕРДИН УЛУТТУК ЭЗҮҮСҮНҮН КҮЧӨШҮ. ЖААҢГЕР КОЖОНУН (ЖАХАНГИР) КЫЙМЫЛЫ ЖАНА КЫРГЫЗДАР. СУРАНЧ

Цин империясынын үстөмдүгүнүн орношу. Жергиликтүү калктын каршылыгы. Жергиликтүү элди башкаруу системасы. Таранчы. XVIII к. 50—60-жж. кыргыз-кытай мамилелери. Зия ад-Диндин көтөрүлүшү жана ага кыргыздардын катышуусу. «Суранчы бийдин (буруттун) козголону». Жааңгер кожого алайлык кыргыздардын колдоо көрсөтүшү. Нарындык кыргыздардын кыймылга катышуусу. Атантай. Тайлак баатыр. Элдик кыймылдын женилиши, анын себептери жана мааниси.

КОКОНДУК ТӨРӨЛӨРГӨ КАРШЫ 40—50-ЖЖ. КЫРГЫЗДАРДЫН КЫЙМЫЛЫ. КОКОН ХАНДЫГЫНДА ФЕОДАЛДЫК ИЧ АРА ЖАҢЖАЛДАРДЫН КУРЧУШУ

Мусулманкулдун аталык аталышы. Шералы хандын бийликке келиши. Нүзүп миңбашы. Ажыбек датка. Хан сарайыидагы так талашкан чыр-чатактын 40-жж. күч алышы. Хандыктагы ич ара жаңжалдардын себептери жана өбөлгөлөрү. Кокон хандыгында феодалдык ич ара жаңжалдардын курчушу Кыргыз-казак кыймылы. Нарындык кыргыздардын кыймылы. Алай, Ош аймагындагы элдик кыймылдар. Ысык-Көлдөгү Кокон чептерин талкалоо аракеттери.