КӨМӨЛДҮРҮК
«Көмөлдүрүк, куюшкан. Көркүм үчүн жарашкан» (Эл ыры). Бул — ат жабдыктарынын бир бөлүгү. Ээрдин алдыңкы эки актасына бекитилип, чагарак менен туташып, аттын омуроосуна тартылуучу каттай кайылган кайыш же өрүм. Ал өр таяна бастырганда ат токулгасын артка жылдырбаш үчүн тагылат. Көмөлдүрүктүн бир учу чагаракка бекитилип, экинчи жагы сагак менен биригет. Мунун да жүгөндүкүндөй «сүзмөсү», «балдагы» менен «олоң тили» бар.… Кененирээк »