КӨӨКӨР
«Көөкөрүм кооз болсун — деп, Көп жубанга бычтырган, Көк жибек менен тиктирген» (Жеңижок). Бул — шири идиштеринин кооз түрү. Атайын кымыз куюуга колдонгон. Аны жасоо үчүн чеберлер уйдун, төөнүн терисин тандашкан. Калың жеринен (эки капталынан) алешем кылып кургатып алып бычышкан. Көөкөр кармоодо аймактык айырмачылыктар бар. Мисалы, жаңы сыйрылган уйдун терисинин жүнүн кырып алып, аны шилтеге салат. (Шилтеге салуу… Кененирээк »