ТИЛДЕРДИН ЛЕКСИКАЛЫК КАРЫМ-КАТЫШЫ
Тилдик катнаштын каналдары көп. Башка тилдерден сөз алуу – сөздүктү байытуунун бир булагы. Дүйнөдө башка тилдер менен контакт түзбөгөн же лексикасы чет тил элементтеринен таза турган бир да тил учурабайт.
Тилдик катнаштын каналдары көп. Башка тилдерден сөз алуу – сөздүктү байытуунун бир булагы. Дүйнөдө башка тилдер менен контакт түзбөгөн же лексикасы чет тил элементтеринен таза турган бир да тил учурабайт.
Монгол тилдери менен түрк тилдерине орток лексика бардык мезгилде бул тилдердин тектештигин ырастайт. Чет тилдик сөздөр ошол чет тилдин өзүндө гана морфемаларга ажыратылат.
Г. Д. Санжеев монгол тилиндеги түрк сөздөрүн, ошондой эле түрк тилдериндеги монгол сөздөрүн фонетикалык белгисине карай ажыратуу мүмкүн эмес, морфологиялык белгисине жараша ажыратуу керектигин айтат.
Биздин замандын VI–VIII кылымдарында түрк будундарынын (элдеринин) тамгасы болгон. Ошол тамгалар чегилген таш, граниттен жасалган эскерткичтердин бетинде байыркы адабий тилдин үлгүсү сакталып турат. Мына ошол тилди азыркы түрк тилдеринин тарыхын үйрөнүүгө негиз кылып алабыз.
Жер-суунун аты, конкреттүү обьектини билдирүү менен бирге, семантикалык жагынан кандайдыр бир маани бере тургандыгы талашсыз. Ачыгыраак айтканда, кайсы гана топонимди алып карабайлык, алардын ар бири өз алдынча эстелик чынында да, азырынча жана бүгүнкү күн үчүн гана белгисиз аттардын болушу мүмкүн. Бул толук түшүнүктүү, анткени көп аттар тарыхый окуялар, тарыхый өнүгүүнүн өзү менен тыгыз байланыштуу болуп, белгилүү бир өлчөмдө тилдик материалга негизделген тарыхтын күбөсү катарында кызмат кылат.
1. Диалектизмдер. 2. Профессионализмдер. 3. Терминдер. 4. Жаргондук – арготикалык сөздөр.
1. Кыргыз тилинин төл лексикасы. 2. Кыргыз тилине сырттан кирген сөздөр.
1. Историзмдер. 2. Архаизмдер. 3. Неологизмдер.
1. Лексикография тууралуу жалпы маалымат. 2. Кыргыз лексикографиясынын калыптанышы жана өнүгүшү. 3. Сөздүктөр, сөздүктөрдүн түрлөрү.
Лексикология жөнүндө жалпы түшүнүк. Сөз. Сөздүн мааниси жана анын типтери. Бир маанилүү жана көп маанилүү сөздөр.