Tag Archives: Маликов

КУБАНЫЧБЕК МАЛИКОВ

Көрүнүктүү акын жана драматург К.Маликовдун (1911-1978) көркөм адабиятка шилтелген алгачкы кадамы кабарчылык иштен башталган. 1926-жылдын сентябрь айында «Эркин-Тоонун” 15 жаштагы кабарчысы К.Маликов ошол газетанын редакциясынын түздөн-түз жардамы аркылуу Фрунзедеги педтехникумдун орто даярдоо классына келип киргенден тартып чыгармачылык ишке өз тагдырын биротоло байланыштырат.

КУБАНЫЧБЕК МАЛИКОВ

Акын-драматург К. Маликов кыргыз улуттук профессионалдык адабиятынын негиздөөчүлөрүнүн бири катары элинин көркөм маданиятынын өсүп-өнүгүшүнө зор салым киргизген. Анын адабий мурасы баарыдан мурда тематикалык жактан өтө байлыгы, терең мазмундуулугу, жаңычылдыгы менен өзгөчөлөнөт. Ал 1911-жылы Кант районундагы Үч-Эмчек айлында төрөлгөн. К. Маликов чыгармачылыгын өзүнө курбалдаш жаш таланттар сыяктуу эле кыргыздардын биринчи газетасы «Эркин Тоонун» бетине кабар жазуудан баштап (1926жылы) «Чүй… Кененирээк »

МУСА ЖАНГАЗИЕВ

Кыргыз эл акыны М. Жангазиевдин алгачкы чыгармачылыгынын башаты 40—50-жылдарга таандык. Адабий чөйрөгө ал алгач турмуш тиричиликтен алынып жазылган публицистика, очерк ошондой эле фельетондору аркылуу аралаша баштайт. Ал эми акындын эң биринчи чыгармалар жыйнагы «Балалык» деген ат менен жарыкка чыгат. Андан бери ал бир нече жыйнактарды окурмандар алдына сунуш кылып кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө өз салымын кошуп келди.