Tag Archives: мамлекет

ДАБАН (ДАВАНЬ) МАМЛЕКЕТИ

ДАБАН МАМЛЕКЕТИ, Давань, Паркана – б. з. ч. 1-миң жылдыктын акыры – б. з. 1-миң жылдыгынын 1-жарымында Фергана өрөө-нүндө өкүм сүргөн мамлекет. Фарсы жазма булактарында Паркана, кытай жылнаамаларында Да-юань (Дабан) деп аталган. Коомдук түзүлүшүндө эрте феодалдык мами-лелер үстөмдүк кылган. Саясий түзүлүшүн чектелген монархия катары мүнөздөөгө болот. Мамл-тин падыша башкарган, анын бийлиги аксакалдар кеңеши м-н чектелген. Падыша маанилүү чечимдерди… Кененирээк »

ГАЗНЕВИЛЕР МАМЛЕКЕТИ

ГАЗНЕВИЛЕР МАМЛЕКЕТИ (977–1186) – түркий тилде сүйлөгөн элдердин динас-тиясы. Саманилердин аскер башчысы Алп-Тегин негиздеген. Аскер кызматчылары гулямдарга таянып, Алп-Тегин 962-ж. өзүн Газна ш-нын башкаруучусу деп жарыялаган. Шаардын аталышы б-ча жаңыдан түзүлгөн мамл. Г. м. деп аталган. Г. м. Себук-Тегиндин (977–997) ж-а анын уулу Махмуд Газневинин (998–1030) тушунда абдан күчөгөн. Мамл-тин курамына азыркы Ооганстан м-н Иран, Орто Азиянын айрым… Кененирээк »

ӨНҮГҮП КЕЛЕ ЖАТКАН ӨЛКӨЛӨРДҮН КАРЫЗДАРЫ

ӨНҮГҮП КЕЛЕ ЖАТКАН ӨЛКӨЛӨРДҮН КАРЫЗДАРЫ анын ичинде, тышкы карыздарынын жалпы жыйындысы,  1986-ж. карата карыздардын суммасы 1 трлн. доллардан ашкан. Бүгүнкү күнгө бул сумма алда канча көп экени шексиз  жана ал күн санап өсүп көбөйүү тенденциясына ээ. Карыз болуу өнүгүп келеаткан өлкөлөрдүн экономикасына терс  таасирин тийгизип, кризистен чыгууга тоскоолдук кылат. Карыздардын 40%ке жакыны Латын Америкасы өлкөлөрүнө  туура келет (Бразилия… Кененирээк »

ӨНҮГҮП КЕЛЕ ЖАТКАН ӨЛКӨЛӨР

ӨНҮГҮП КЕЛЕ ЖАТКАН ӨЛКӨЛӨР – өнөр жайы өнүккөн өлкөлөрдүн алдында колониялык же жарым колониялык  абалда болуп келген, бүгүнкү күндө өз алдынчалыкка жана көз карандысыздыкка жетишкен Азия, Африка, Латын  Америкасы жана Океаниядагы өлкөлөрдүн тобу. Бул өлкөлөр эмгектин эл аралык бөлүнүшүндө өнөр жайы өнүккөн  мамлекеттер үчүн агрардык-чийки заттарды жана эң арзан жумушчу күчүн берип турушкан. Өндүргүч күчтөрдүн  Өнүгүшүнүн салыштырмалуу төмөнкү… Кененирээк »

  МАМЛЕКЕТ БАШЧЫСЫ

МАМЛЕКЕТ БАШЧЫСЫ – жогорку кызмат адамы. Мамлекеттин аткаруучу бийлигин алып жүрөт жана тышкы дүйнө  менен болгон байланыштарда жогорку өкүлү болот. Азыркы учурдагы монархияларда (Улуу Британия, Дания, Япония,  Швеция, Испания ж. б.) М. б – монарх (падыша, император, эмир). Анын бийлиги эреже катары мыйзам орноткон тартип  менен бир өкүлүнөн экинчи өкүлүнө мураска берилет. Республикаларда М. б. – президент. Ал… Кененирээк »

МАМЛЕКЕТ

МАМЛЕКЕТ — коомдун экономикалык ж-а социалдык түзүлүшүн сактап, аны башкарууну ишке ашыра турган саясий системанын негизги институту. М-тин негизги белгилери: 1) М-тик бийликтин функциясын ишке ашыра турган органдар м-н мекемелердин өзгөчө системасы; 2) М-тик бийлик белгилеген же санкциялаган укуктун болушу; 3) М-тик бийликтин жаралуу же жайылуу чеги бар аймактын болушу. Тарыхта белгилүү М-тин түрлөрү: кул ээлөөчүлүк М: феодалдык… Кененирээк »

УЛУУ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТИ. IX — X КК.

Кыргыздардын Моңголияны жеңип алышы Орто Азия тарыхында басып алуу кыймылы батыштан чыгышты көздөй багытталган сейрек учур болуп саналат, анткени бардык басып алуу кыймылдары чыгыштан батышты көздөй жүрчү. Кыргыздардын ханы, сыягы, өзүнүн борборун уйгурлардын Орхондогу шаарына көчүрбөсө керек; өзү жеңишке жеткенден кийин ал уйгурлардын мурунку борборунан атчан жүргөндө он беш күндүк жолдогу «Лаошань же Думань тоолорунун түштүк жагына өткөн»;… Кененирээк »

ДАВАН МАМЛЕКЕТИ

Кыргызстандын түштүгүндөгү мамлекет. Фергана өрөөнүнүн чыгыш бөлүгү бүгүнкү кыргызстандын түштүк аймагын түзүп, жалпы эле Фергана аймагындагы байыркы отуруктушкан калк түзгөн цивилизация очогунун ажырагыс бир бөлүгүн түзөт. Фергананын чордондук жана чыгыш аймактары камтылган байыркы мамлекет кытайлык булактарда Даван (Даюань) деп аталган. Ал эми байыркы чыгыш индоирандык тилде биердеги мамлекет «Паркана» деп аталган жана парканалык отуруктушкан калк согдулук, парфиялык калктарга окшош, бири-бирин түшүнөөрлүк деңгээлдеги тилде сүйлөгөн.

КАҢГҮЙ (КАҢГЫ) МАМЛЕКЕТИ

Сыр-Дарыянын ортоңку агымынан азыркы Талас өрөөнүнө жана Төмөнкү Чүйгө чейин кеңирсип жаткан аймакта б.з.ч. III к. акыры — б.з. V кылымдар ичинде Каңгы (Каңгүй) мамлекети жайгашкан. Албетте, бул өлкөнүн чек арасы ар кыл заманда чоңоюп же кичирейип тургандыгы маалым. Каңга, Каңгы, Каңкар, Каңгүй. Орто азиялык калктардын эң байыртадан булактарда эскерилген этникалык аталыштарынын бири  — Каңгы экендигин билебиз. Байыркы чыгыш ирандык «Авеста» аттуу диний чыгармада… Кененирээк »