Tag Archives: манас эпосу

МАНАС ЭПОСУНДАГЫ АСЫЛДЫК

АСЫЛДЫК — эстетикалык баалуулукка ээ көрүнүштөрдү мүнөздөөчү түшүнүк (категория). Бул түшүнүк «Манас» эпосунда кеңири чагылдырылып, анда реалдуу чындыкка, 6. а. жаратылыштагы, социалдык чөйрөдөгү, адамдардын өз ара мамилелериндеги түрдүү көрүнүштөргө элдин оң баасы камтылган. В. Г. Чернышевскийдин сөзү менен айтканда: «Асылдык — бул турмуш» (Эстетика, М., 1958, 55-б.) жана оомалуу-төкмөлүү бул жашоонун өзүн адамдар асыл нерсе катары баалашат. А.… Кененирээк »

МАНАС ЭПОСУНДАГЫ АСТРОНОМИЯ

АСТРОНОМИЯ — асман телолору, жалпы эле ааламдын түзүлүшү жана өнүгүшү жөнүндө илим. Байыртан баштап эле кыргыздарды көмкөрүлүп турган көк асмандын сулуулугу дайыма суктантып келген. Мында бөтөнчө асмандын түнкү көрүнүшү адамдын, айрыкча, акындардын назарын өзүнө буруп, өзгөчө шыктануунун булагына, эстетикалык предметке айланган. «Манас» эпосундагы эл сүйгөн баатыр Манас асмандагы Айга, Күнгө теңештирилип сүрөттөлөт: Асман менен Жериңдин, Тирөөсүнөн бүткөндөй. Айың… Кененирээк »

МАНАС ЭПОСУНДАГЫ АСКЕРДИК ДЕМОКРАТИЯ

«Манас» эпосу бир эле кылымдын же бир эле доордун көркөм эстелиги эмес. Эпосто кыргыз элинин басып өткөн узак жана татаал тарыхый жолу көркөм чагылдырылып, көптөгөн доорлордун мүнөздүү өзгөчөлүктөрү кеңири баяндалган. Анын татаал тутумунда А. д. мезгилинин олуттуу белгилеринин орун алышы талашсыз далил. А. д. доору уруулук-аталык түзүлүш ыдырай баштаган мезгилге туура келет. Бул доорго мүнөздүү салттар жөнүндөгү даректер… Кененирээк »

АСКЕРДИК БИЙЛИК ОРГАНДАРЫ

АСКЕРДИК БИЙЛИК ОРГАНДАРЫ — аскердик демократия учурунда уруу союздарынын бийлик жүргүзүүчү уюму. Жоокерчилик доорлордун мүнөздүү салттары тарыхта гана сакталбастан, элдин оозеки чыгармачылыгында, айрыкча баатырдык эпосторунда кеңири сакталган. Элдик эпостордо бийликти жол башчылардын кеңеши — элдик чогулуш, аскердик жол башчы жүргүзгөндүгү чагылдырылган. К. Маркс баатырдык мезгилде афиналык грек урууларында бийликтин координацияланган үч органы: 1) жолбашчылардын кеңеши, 2) элдик чогулуш… Кененирээк »

АСКЕР

АСКЕР — эпосто чакан бөлүкчөдөн тартып зор бөлүктөргө чейинки куралдуу адамдардын жыйындысынан турган согуштук күчтү билдирет. «Манас» эпосунун сюжеттик нугунан айкын көрүнүп тургандай негизги эки варианттын (Сагымбай, Саякбай) мазмунунун көпчүлүк бөлүгүн согуш жана согуштук аракеттерге байланыштуу окуялар түзөт. Натыйжада көп адамдар катышкан чоң масштабдагы согуштар эле эмес, тийип-качты мүнөздөгү анча чоң эмес согуштарга деле бир нече жүз миңдеген… Кененирээк »

АСА, АСА ТАЯК

АСА, аса таяк (арабча аса — таяк; аса-муса) — Муса пайгамбардын таягы. Мусулман мифологиясы боюнча Алла берген таяк менен Муса пайгамбар фараондун көзүнчө ар кандай сыйкыр көрсөткөн. Куранда айтылгандай, Муса таягын тирүү жыланга айланта алган; Фараондун куугунчуларынан качып келатып деңизди чапса деңиз ачылып, тоо болуп калган; чаңкаган элдин суусунун кандыруу үчүн асканы чапса, андан атырылып он эки булак… Кененирээк »

АСАНАЛИЕВ Кеңешбек

АСАНАЛИЕВ Кеңешбек (1928, Фрунзе, Сокулук району, Саз айылы) — адабиятчы, адабий сынчы, филология илимдеринин доктору (1991), «Манас» эпосунун китебин түзүүчү. Кыргыз мамлекеттик педагогика институтун бүтүргөн (1950). 1953жылдан Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын кенже илимий, 1955-жылдан улук илимий кызматкер, 1956-жылдан директордун орун басары, 1963-жылдан улук илимий кызматкер, 1981-жылдан сектордун башчысы, 1988-жылдан жетектөөнү илимий кызматкер, 1991-жылдан башкы илимий кызматкер болуп эмгектенүүдө.… Кененирээк »

АСАНБАЕВ Мамбет

АСАНБАЕВ Мамбет (1939, Сокулук району, Жал айылы) — кыргыз драма театрынын артисти. Кыргыз ССРннин эмгек сиңирген артисти (1987). Эмгек жолун 1963-ж. Ташкендеги театрдык институтту бүтүргөндөн кийин Кыргыз драма театрында иштөө менен баштаган. Ал көптөгөн драмалардан оң жана терс каармандардын ролдорун ойногон жана бир нече кинофильмге тартылган. Ж. Садыковдун үчилтик драмасында Нескаранын («Айкөл Манас», 1990), Кыргылчалдын («Манастын уулу Семетей»;… Кененирээк »

АСАН КАЙГЫ

АСАН КАЙГЫ — кейипкер. Мамбет Чокморовдун вариантында Манастын эң түпкү чоң аталарынын бири, жер кезип жүргөн көзү ачык олуя. Ал Манас туула электен алда качан мурун анын келечектеги тагдыры жөнүндө алдын ала айтат. Өз уулу Ногойдун турмушунда да көзү ачык олуя катары көрүнүктүү роль ойнойт. А. к. кыргыз, казак, ногой, каракалпак элдеринин оозеки чыгармаларында легендарлуу ойчул, сынчы, акылман.… Кененирээк »

АРЫП

АРЫП (арабча тамга) — сыйкырлап дуба окуп көз байлоо, кубултуу. Арабдардын диний жана көбүн эсе элдик оозеки чыгармалары (мисалы, «Миң бир түн» тибиндеги жомоктору) аркылуу кирген термин. Ал байыркы кыргыздардын магиялык көз карашындагы кубулуучулук жөнүндөгү түшүнүгү менен контаминацияланган. Ушуга байланыштуу «Манас» эпосунда А. окуу менен аракет кылуучу каармандардын эки тиби жолугат. Биринчи типке Алмамбет, Кошой, Айчүрөк, Көкмончок жана… Кененирээк »