БАЙДЫЛДА САРНОГОЕВ «МИДИНГЕ КАТ»
Билинбей кетти кабарың, Мидике кандай абалың? Бир топ жыл бирге татканбыз Бул жактын тамак-шарабын, Бир жүргөн кезди эстесем Бүркөлөт ачык кабагым. Башта бар дечи бир өлүм… Баардыгын жакшы билемин. Эргиген мөлтүр таланттан, Эл үзбөйт тура күдөрүн… Жалдырап карайм мүрзөңдү, Жайлуубу жаткан түнөгүң?