Tag Archives: Мукай

МУКАЙ ЭЛЕБАЕВ

Кытайга качып-бозгон кыргыздардын кайра өз жерине келүүсүнө мүмкүндүк ачып берген Октябрь төңкөрүшүп, анын эркиндик, теңдик деген идеяларын жан дили менен кабыл алып, жаны заманды жар салып ырдаган көрүнүктүү кыргыз акындарынын, жазуучуларынын бири Мукай Элебаев (1902-1944). Жаштайынан жетим калып, 1916-жылы көтөрүлүшчүлөр менен бирге Кытайга сүрүлүп, ар кимге малай жүрүп, эр жеткен М.Элебаев 19 жашка келгенде араң кат тааныйт.

МУКАЙ ЭЛЕБАЕВ

М. Элебаев айтылуу «Зарыгамы» менен таанылып, журтчулукка алгач акын катары белгилүү болгон. Анын бул ырын ошол мезгилдеги окууга дилгирленген жаштардын көпчүлүгү гимн катары, обонго салып ырдашкан. Ошол учурдун көзү менен караганда акындын поэзиясы өз мезгилинин демин, шарапатын төп чагылдырган күчтүү чыгармалар катары саналган. Ал чыгармачылык менен алпуруша баштагандан тартып эле боордош элдердин, ошондой эле орус адабиятын жана дүйнөлүк… Кененирээк »

МУКАЙ ЭЛЕБАЕВ

ЭЛЕБАЕВ Мукай (1902, Түп району  –  1944, Ленинград) –  акын, прозаик, котормочу. Кыргыз профессионалдык жазма адабиятын түптөөчүлөрдүн бири. Ал ата-энесинен эрте жетим калып, 1916-ж.  Үркүндө  качкандар менен кошо Кытай жерине барып келүүгө  аргасыз болгон. Жазуучунун дээрлик көпчүлүк чыгармалары автобиографиялык негизге ээ. Ал өзүнүн тестиер жана  өспүрүм кезинде башынан  өткөргөн кыйынчылыктарын «Узак жол” романында «Кыйың  кезең”, «Зарлык”, «Бороондуу күнү” сыяктуу аңгемелеринде, ырларында кеңири баяндап берген. Элебаевди акын катары… Кененирээк »

МУКАЙ ЭЛЕБАЕВ

М. Элебаев айтылуу «Зарыгамы» менен таанылып, журтчулукка алгач акын катары белгилүү болгон. Анын бул ырын ошол мезгилдеги окууга дилгирленген жаштардын көпчүлүгү гимн катары, обонго салып ырдашкан. Ошол учурдун көзү менен караганда акындын поэзиясы өз мезгилинин демин, шарапатын төп чагылдырган күчтүү чыгармалар катары саналган.