Tag Archives: сатирик

МИДИН АЛЫБАЕВ

Кыргыз элине таанымал акын Мидин Алыбаев (1917-1959) адабият дүйнөсүнө отузунчу жылдары келген. Анын чыгармачылык иши Фрунзедеги педтехникумда окуп жүргөн жылдары башталган. Бул жөнүндө Райкан Шүкүрбеков минтип жазган: «Алдыңкы жазып жүргөн студенттер бүтүрүп кеткенден кийин «Үмүттүү жаш” кереге газетасы, педтехникумдун драмалык кружоктору биздин колдо калды. Ошондо Алыкул, Мидиндин ж.б. бирдеме жаза коюп жүргөн жаштар чыгарманы «жайнаттык”.

РАЙКАН ШҮКҮРБЕКОВ

Таланттуу сатирик, акын, драматург жана чебер котормочу Райкан Шүкүрбеков 1913жылы Талас өреөнүндегү Ак-Чий деген жерде туулган, Октябрь революциясы, Совет бийлиги окууга, жашоого кеңири шарт түзгон мезгилде өсиүрүм курагына келип калган Райкан ошол кездеги башка кыргыз жаштары сыяктуу эле окууга, билим алууга умтулган.

ЭСЕНГУЛ ИБРАЕВ

ИБРАЕВ Эсенгул (1934-ж. т., Нарын р-ну) – акын, сатирик Кыргыз эл акыны. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген  ишмери (1994). Нарын педагогикалык окуу жайын (1952), КМУнун журналистика факультетин (1961) бүтүргөн. Ырлары, сатиралары 1952-жылдан баштап жарыялана баштаган. «Бөбөгүм» аттуу туңгуч ыр жыйнагы 1964-ж. жарык көргөн. Андан бери «Таң шоокуму» (1968), «Закымдар» (1979), «Эңсөө» (1981), «Белес» (1984), «Мөмөлүү дарак» (1985), «Дабан» (1994) ж. б.… Кененирээк »