СЫНПОСТОО
СЫНПОСТОО — шири, көн буюмдарына көркөмдүк түшүрүү. Ал — териге оюм- чийим берүү салты. Бул — ээрге, тердикке, көөкөргө, көнөккө, көнөчөккө, сабаага, чыны капка жагданга, мөкүгө, кепичке, көк жекеге, маасыга жана башка салттуу буюмдарга, кийимдерге элдик оюм чийимдерди жаратуу. Чеберлер катуу чийден оюм-чийим түшө турган форма (калып) даярдап, чылгый терини анын үстүнө коюп, аны оор нерсе менен бастырып,… Кененирээк »