Tag Archives: Сүйүнбай

СҮЙҮНБАЙ ЭРАЛИЕВ

Поэзия дүйнөсүнө салмактуу салымын кошкон кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Сүйүнбай Эралиев (1921) чыгармачылык ишин Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында баштаган. Согушта жаралуу болуп, 1944-жылы армиядан кайтып келгенден кийин ал Буденный райондук «Сталиндик жеңиш”, Талас областтык «Лениндик туу” газеталарында кызматкер болуп иштеп жүрүп, ыр жазуусун улантат. 

СҮЙҮНБАЙ ЭРАЛИЕВ

ЭРАЛИЕВ  Сүйүнбай (1921-ж. т., Талас р-ну)  –  акын, Кыргыз Республикасынын  эл акыны (1974). 1942–44-ж. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Эралиевдин чыгармалары 1944-жылдан чыга баштаган. Туңгуч ыр жыйнагы «Биринчи жаңырык» 1949-ж. чыккан. 1959-ж. жарык көргөн «Ак Мөөр» поэмасынын баалуулугу – элдик оозеки чыгармачылыкка кайрылып, аны кайрадан асылдык катары окурмандарга жеткирүүдө жаңыча мамиле кылгандыгында, көркөм сөз каражаттарын колдонууда, терең психология менен курч драматизмде, филос.… Кененирээк »

СҮЙҮНБАЙ ЭРАЛИЕВ

С. Эралиев 50-жылдардан тартып азыркы мезгилге чейин поэзиянын «ак кемесинде сүзүп», окурмандардын аудиториясына лирикалык саптардан баштап философиялык ой камтыган поэмаларды тартуулап келе жатат. Мазмундук жана формалык изденүүдөн-изденүү жаратып, бийиктиктен-бийиктикке секирик жасоодо.