«ЧАЛКАШКА» Турар Кожомбердиев
Турар Кожомбердиевдин Чалкашка айгыры тууралуу ыр түрүндөгү поэмасы
Турар Кожомбердиевдин Чалкашка айгыры тууралуу ыр түрүндөгү поэмасы
Деңизди алаканга батырыш мүмкүн болбогондой эле бул чакан поэмада кыргыз элинин нечен ондогон кылымдардагы тарыхына саякат жасоо эмес, көз чаптырып чыгышка да мүмкүн эмес. Биз тарыхыбызды терең билбей туруп, келечекти, заманыбызды толук баалап, сүйө албайбыз. Эмесе бул поэма биринчиден, ич арадагы байларга, экинчиден, сырттан келген басып алуучуларга каршы кашык каны калганча күрөшкөн, ыза көргөн, ыйга жуулган, кээде үзүм… Кененирээк »
КОЖОМБЕРДИЕВ Турар (1941, Калинин р-ну – 1989, Фрунзе) – акын, котормочу. Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1968). КМУнун филология факультетин (1966) бүтүргөн. Кожомбердиевдин чыгармалары 1959-жылдан басма сөзгө жарыялана баштап, 1961-ж. «Көлчүктөгү ай” деген балдар үчүн биринчи жыйнагы жарык көргөн. Ошол китеби аркылуу эле балдардын дүйнөсүнө балдардын көзү менен караган, бала психологиясын кылдат өздөштүргөн акын адабиятка келгендигин көрсөткөн. Анын ырлары – поэзия менен тартылган сүрөт, уйкаштыктары жеңил жана ойлору метафоралуу, сүрөттөөлөрү… Кененирээк »