Tag Archives: уламыш

МИФ ЖАНА УЛАМЫШ

Илимде мифке берилген аныктама бир топ. Эгер ошол аныктамаларды жалпы жонунан жыйынтыктай турган болсок, негизги мазмуну жана багыты байыркы адамдардын жаратылыш дүйнөсүн, өздерүн курчап турган айлана чөйрөнү, табият кубулуштарын, анын өзгөрүү закондорун түшүнүүгө жасаган алгачкы ой жүгүртүү-кыялданууларын, аракеттенүүлөрүн чагылдырып турат. Кыскасы, миф жаратылыштагы кубулуштарды, турмуштук көрүнүштү кыялый образ менен сүрөттөп*, адам менен коомдун карым-катышын өз жанрдык мүмкүнчүлүгүнө карата… Кененирээк »

КЫРГЫЗ УЛАМЫШТАРЫНДАГЫ ФОЛЬКЛОРДУК МОТИВДЕР

 Өзүнүн негизинде тигил же бул уруунун, же уруулардын тобунун, же бүтүндөй бир элдин генеалогиясын камтыган элдик уламыштар фольклордукэтнографиялык иликтөөлөр үчүн бай материалды бере алат. А. Н. Бернштам туура белгилегендей, генеалогия «тарыхтын алда канча стабилдүү булактарынын бири». Бул жобо өз учурунда С. П. Толстовдун түркмөндөрдөгү дуалдык уюм жөнүндөгү изилдөөсүндө эң сонун ачылып көрсөтүлгөн.