Tag Archives: Усун

КЫРГЫЗСТАН УСУН УРУУЛАР СОЮЗУ ТҮЗҮЛГӨНГӨ ЧЕЙИН        

Кыргызстандын аймагындагы байыркы доорлорду археологиялык жактан изилдеп-үйрөнүүнүн начардыгы анын эң байыркы мезгилдерден биздин заманга чейинки тарыхын ырааттуу түрдө чагылдырууга мүмкүндүк бербей отурат. Илимде ушул күнгө чейин Кыргызстандын аймагындагы таш доору боюнча маалыматтар жок. Бирок мындай табылгалардын жоктугу Тянь-Шанда эң эле байыркы доордо, а мүмкүн орто палеолит доорунда калк жашаган деп божомолдоону жокко чыгарбайт. Мунун далили катарында Кыргызстандын аймагына… Кененирээк »

УСУНДАР ЖАНА ДАВАН ПАДЫШАЛЫГЫ

Кытайдын улуу хан династиясынын тарыхынын өз алдынча бабында усундар жөнүндө маалымат бар. Усундар жөнүндө мындай толук маалыматтын берилиши б.з.ч. II кылымдын акыры ченде, 136-128 жж. жана 115-жж. белгилүү кытай саякатчысы Чжан Цяндын усундарга эки жолу келип кетишине байланыштуу. Чжан-Цяндын миссиясы өтө жооптуу болгон. Ал Кытайдан алыскы батышка чейинки соода жолун ачуу мүмкүнчүлүгүн аныктоо максатында Орто Азияда «чалгынчылык» иш… Кененирээк »

УСУНДАР

Усундар өзүлөрүнүн бир кездеги коңшулары, хунндар тарабынан талкаланган юечжилерди, болжолу тибеттен келип чыккан элди куугунтукка алууга катышышкан. Батышты көздөй жылуу учурунда юечжилер Жети-Суудагы сэ деген элди сүрүп чыккан, бул аталышты, адатта, Орто Азия жөнүндөгү грек жана перс кабарларында көп эскерилген сак деген эл менен окшоштурушат, бирок мындай жакындаштыруунун пайдасына тыбыштык окшоштуктардан башка эч кандай далилдерди келтирүүгө мүмкүн эмес.… Кененирээк »

УСУНДАР

Жети-Суу жөнүндөгү эң байыркы маалыматтарды биз кытай даректеринен табабыз; андан кыйла эрте грек жана рим жазуучуларынан биз Сыр-Дарыянын ары жагындагы, ар биринин жашаган жери аныкталбаган элдердин аталыштарын гана табабыз. Кытайлыктарга Жети-Суу биздин заманга чейинки II кылымдын аягында гана, качан кытай өкмөтү кубаттуу хунндарга каршы союздаш издеп, батыш өлкөлөргө элчиликтерин жөнөткөндө белгилүү болгон. Хунндар жеңип алган элдердин катарына алгач… Кененирээк »

УСУН МАМЛЕКЕТИ

«Усун» этноними тарыхка кытайлык династиянын хроникасынан кирген. Тарыхчы А. Өмүркуловдун пикнри боюнча «Усун» этноними байыркы түрк тилинен которгондо «он урук эл» (ус урук, ун он) дегенди түшүндүрөт. Бул эл Чыгыш Түркстандагы Упса (Узун) дарыясынын атынан аталган деген да божомол бар. Генеалогиялык болжолдорго жана түрк санжыраларына таянсак усундар түрк элдеринин бир салаасы, азыркы кыргыздардын түпкү бабалары болгон. Усундар сырткы… Кененирээк »