Tag Archives: философ

АСАНБЕК ТАБАЛДИЕВ

ТАБАЛДИЕВ Асанбек (1935, Нарын р-ну, Жергетал айылы — 1975, Бишкек ш.) — философия илимд. доктору (1971), Кыргыз ССР ИАнын корр. мүчөсү (1974). КМУнун тарых факультетин бүтүрүп (1957), анда окутуучу, тарыхый материализм кафедрасынын башчысы, 1973-жылдан КСЭнин башкы редакторунун биринчи орун басары, башкы редактору, социологиялык илиздөө б-ча белгилүү адис. Анын ил. эмгектеринде улут маселеси, кыргыз элинин коомдук аң-сезим закон ченемдери… Кененирээк »

МАКС ШЕЛЛЕР

ШЕЛЕР Макс (1874-1928) — немец философу; Кельнда (1919-1928), Франкфурт (1928) профессор; Эйкендин шакирти. Ш. Гуссерлдин феноменологиялык методун этика, маданият философиясы ж-а дин чөйрөсүнө көчүрүп келип, ыймандык дөөлөттөрдү «өзгөрбөс «маңыздары» катары чагылдыруу м-н Канттын формалдык этикасына дөөлөттөр ж-дөгү материалдык окууну карама-каршы койгон. Анын негизги изилдөө тармактары-баяндап жазуу психологиясы, атап айтканда, сезим психологиясы ж-а өтө кеңири мааниде алынган «билим социологиясы»… Кененирээк »

ШЕЛЛИНГ ФРИДРИК ВИЛЬГЕЛЬМ

ШЕЛЛИНГ Фридрик Вильгельм — Иозеф (1775-1854) — немец философу; Йенде, Вюрцбургда, Эрла Генде, Мюнхенде ж-а Берлинде окутуучу болгон. Немец идеализминин көз карашынан алганда ал (Фихте ж-а Гегель м-н бирге анын негизги өкүлдөрүнөн болуу м-н) бул багытты романтикалык өңүттө өнүктүргөн; өз көз карашын көп ирет өзгөртө бергендиги үчүн ал «философиядагы Протей» деген атка конгон. Кантка, андан да көбүрөөк Спиноза… Кененирээк »

ФРИДРИХ ШИЛЛЕР

ШИЛЛЕР Фридрих (1759-1805) — улуу немис акыны, философу ж-а тарыхчысы. Жаш кезинде, бир жагынан Лейбниц м-н Вольфтун экинчи жагынан Шефтсбери м-н Руссонун философиясынын таасирин алган. 1790- жылы Шиллер Канттын философиясы м-н жакындан таанышып, аны терең окуп-үйрөнсө да, аны м-н толук пикирлеш болгон эмес. Атап айтканда, ал Канттын этикасында парз милдет идеясы өтө эле курч ж-а бир жактуу өнүктүрүлгөн… Кененирээк »

ФРИДРИХ ЭРНИСТ ДАНИЕЛЬ ШЛЕЙЕРМАХЕР

ШЛЕЙЕРМАХЕР Фридрих Эрнист Даниель (1768-1834) — немис теологу ж-а философу. Немис идеализми ж-а романтикасы м-н тыгыз байланышта болуу м-н, ал Кудай ж-а дүйнө м-н байланыштуу болгон протестанттык багыттагы сырттан баамдап ой жүгүртүү философиясын иштеп чыккан. Кант м-н Фихтенин идеалисттик жазгырууларын жумшартуу м-н ал рухий — тарыхый чындыкка көбүрөөк көңүл бурууну талап кылган, мында аларды бөлүп карабастан, Бүтүндүк ж-а… Кененирээк »

МОРИЦ ШЛИК 

ШЛИК Мориц (1882-1936) — австрия философу, физик ж-а логик; Росток, Кил, Венада, 1931-1932-ж. Берлиде (Калифорния ун-ти) профессор; Вена штриминин негиздөөчүсү; эмпирикалык реализмдин өкүлү. Р.Карнап м-н Л. Витгенштейндин таасирин алуу м-н, ал негизинен акыйкат проблемасын, таанып-билүү теориясын, логика м-н математиканын априордуу мүнөзү ж-дөгү маселени иштеп чыккан. Ал априордуу синтездик ой жүгүртүү мүмкүндүгү бар деп эсептөө м-н психофизикалык проблеманы физикалык жол… Кененирээк »

АРТУР ШОПЕНГАУЭР

ШОПЕНГАУЭР Артур (1788-1860) — немис философу. Берлинде үзгүлтүк-кө учураган педагогдук иштен кийин (1820-жылдан тартып) Франкфурт-на-Майнеде (1832-жылдан баштап) приват-доцент болуп иштеген. Анын философиясы эки жобого негизденет: 1) дүйнө-өзүндө уюган эрк; г) дүйнө — мен үчүн көрүнгөн элес (башкы чыгармасы — «Дүйнө эрк жана элес катары», 1819). Таанып-билүү үчүн жашаган нерсенин бардыгы, б. а. бул дүйнө бүтүндөй субъект м-н байланышкан… Кененирээк »

ШПЕТ ГУСТАВ ГУСТАВОВИЧ

ШПЕТ Густав Густавович (1879-1940) — орус философу, Э. Гуссерлдин феноменологиясын улантуучу; Москва университетинин профессору (1918-жылдан). Анын илимий кызыгуусунун багыты: илим тарыхы м-н методологиясынан тартып эстетика м-н психологияга чейин болгон. Азыркы европалык 17 тилде билүү м-н философия, психология, логика ж-а эстетика боюнча көптөгөн эмгектерди которгон. Шпет Илимий философия институтунун, Чыгармачыл ж-а жогорку окуу жайларында эмгектенген интеллигенциянын эркин философиялык ассоциациясын… Кененирээк »

ШУППЕ ВИЛЬГЕЛЬМ

ШУППЕ Вильгельм (1836-1913) — немец философу, Грейфсвальдда профессор; ашынган имманенттик философиянын өкүлү. Ш-нин пикири б-ча турмуш чындыгы аң-сезим аркылуу таанылгандыктан гана жашап турат. Аң-сезимде жаратылган инсан. Мендин аң-сезими катары да дененин аң-сезими катары да бөтөнчө туруктуулукка ээ болуп саналат. Башка (бөтөн) инсан (аң-сезим) тууралуу тыянак чыгарууга гана болот. Жалпылай алганда, Ш-нин көз карашы б-ча, турмуш чындыгы бул аң-сезим,… Кененирээк »

ЭНГЕЛЬС ФРИДРИХ

ЭНГЕЛЬС Фридрих (1820-1895) — марксизмди негиздөөчүлөрдүн бири, улуу теоретик ж-а пролетар революционери, Маркстын досу ж-а соратниги. Текстиль фабрикантынын үй-бүлөсүндө туулган. Бремендеги шаардык мектепте, андан соң Эльберфельдде (1834-37) гимназияда окуган. Атасынын кыстоосу м-н гимназияны таштоого туура келген, анткени коммерциялык ишке киришүү керек эле. 1841-42-жылдары Берлинде аскер кызматын өтөгөн, бош убактыларында Берлин университетинде лекция уккан. 1841-ж. Фейербахтын «Христианствонун маңызы» китебин… Кененирээк »