АЛМАМБЕТ
АЛМАМБЕТ — Манастын кырк чоросунун эң көрүнүктүүсү. Теги боюнча кытай (кээде калмак) канзадасы, атасы Соорондук (айрым варианттарда Азизкан) кытайдын башкы кандары Эсенкан, Алооке, Карыкан менен бир тууган. Эпостогу монументалдуу образдардын ичинен А-тин образы өзүнүн көп кырдуулугу менен бөтөнчө орунга ээ. Манаска жакын башка адамдар өздөрүнө таандык сапаттары (Мисалы, Чубак, күч-кубатка эгедерлиги, намыскөйлүгү; Сыргак чыйрактыгы, шамдагайлыгы, моюбастыгы; Каныкей менен… Кененирээк »