Tag Archives: шайлоо

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ —МАМЛЕКЕТ БАШЧЫСЫ. ПРЕЗИДЕНТТИ ШАЙЛОО. ПРЕЗИДЕНТТИН БИЙЛИК УКУГУ

Кыргыз Республикасынын Президенти жалпы эл тарабынан шайлангандыктан, элдик  бийликтин үстөмдүгүнүн өкүлү болот жана ошол элдик бийликти камсыз кылат, элдин биримдигинин жана мамлекеттик бийликтин символу болуп эсептелет.

ШАЙЛОО УКУГУ

Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого жана шайланууга, ошондой эле референдумга катышууга укуктуу.