Tag Archives: эли

КЫРГЫЗ ЭЛДҮҮЛҮГҮНҮН КУРАЛЫП, ТҮЗҮЛҮШҮ  

IX кылымды кошо эсептегенде ага чейинки кыргыз этногенез тарыхынын негизги урунттуу учурларын белгилөө жана кыргыздардын курамына кирген түркий тилдүү уруулар жөнүндө алгачкы тарыхый даректерде чагылдырылган мезгилден бери тарта кыргыз элинин түзүлүү процессин иликтөө аракети болуп саналат.  СССР элдеринин тарыхында өзгөчө мааниге ээ болгон Чыгыш элдеринин, алардын ичинде кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхынын этногенез маселелери, тилекке каршы, биздин илимий адабиятыбызда начар… Кененирээк »

КЫРГЫЗ ЭЛИНИН ОЙМО-ЧИЙМЕЛЕРИ  

Эгерде этнографиялык изилдөөлөр кыргыз оймо-чиймелеринин маани-маңыз тарабын көрсөтүп берген болсо, аларды тарыхый жактан түшүндүрүү бир канча кечирээк, негизинен, советтик изилдөөчүлөрдүн — ысымдары жогоруда айтылган искусствотаануучулар менен тарыхчылар тарабынан ишке ашырылган

КЫРГЫЗ ЭЛИНИН ИСКУССТВОСУ БОЮНЧА ЖАЗМАЛАР    

Азыркы кыргыз искусствосунун тамыры байыркы замандардын тереңинде жатат. Биз кыргыздардын тарыхын б.з.ч. II миң жылдыктан бери тарта эсептегендей эле кыргыз элинин искусствосунун генезисин да ошол доордон башташыбыз керек. Коло доорундагы (б.з.ч. II миң жылдык) Енисейдеги малчы уруулардын идиштеринин оймо- чиймелеринен да биз азыркы кыргыз искусствосунун алыста жаткан тамырын көрөбүз. Алар геометриялык оймо-чиймелер жана алардын мааниси (семантика) изилдөөчүлөр үчүн… Кененирээк »

КЫРГЫЗ ЭЛИНИН ТАРЫХЫЙ ӨТКӨНДӨГҮСҮ      

Кыргыз уруулары азыркы Кыргызстандан алыскы аймактарда байыркы мезгилдерде пайда болгон. Сибирде, Енисейдин жогорку жана ортоңку агымдарында жана анын куймаларында, азыр Минусинск, Абакан шаарлары турган, азыркы Тува Эл Республикасы орун алган жерде б.з.ч. III миң жылдыкта эле малчылар байырлап турушкан, алар мал багып, өстүрүү менен гана эмес, аңчылык, балыкчылык, кийинчерээк дыйканчылык менен азык-түлүк табышып, жан багышкан.

КЫРГЫЗ ЭЛИНИН УЛУУ МУРАСЫ      

Советтик патриотизмдин улуу идеяларына, элдердин достугунун, интернационализмдин идеяларына өткөндөгү чындык болмуштар жөнүндөгү билимдердин, биздин өлкөбүздүн биз мыйзам ченемдүү сыймыктана турган тарыхы менен маданиятынын бардык байлыгы ачылып көрүнө турган фактылардын негизинде тарбияланат. Эл өзүнүн тарыхын, ата-бабаларынын эрдигин, маданий асылдыктарын, өзүнүн эл аралык байланыштарын билүүгө тийиш. Тарыхтан ал сыймыктануу сезимин сузуп алат, тарых — атак-даңктын, мыкты каада-салттардын булагы.

КЫРГЫЗ ЭЛИНИН ЭЛ АРАЛЫК ЖАНА АСКЕРДИК МАМИЛЕЛЕРИ          

Азыркы, айрыкча советтик тарых илими тарыхый процесстерди чектелүү түрдө кароодон баш тартты. Маркстик-лениндик историография (тарыхграфия) чоң маселелердин туура чечилиши аларды эл аралык масштабда кеңири кароого байланыштуу болорун көрсөттү. Бул тезис Батыш тарыхы үчүн кандай туура болсо, Чыгыш элдеринин тарыхы үчүн да ошондой эле туура, анткени байыркы айрым мезгилдерде Батыш менен Чыгыштын мындай байланыштары бир канча жолу кыйын-кыстоо мамилелерди… Кененирээк »

КЫРГЫЗ ЭЛИНИН ЭТНИКАЛЫК ТАРЫХЫ

Кыргыз элинин пайда болушу жөнүндөгү проблема Борбордук Азиянын этникалык тарыхынын көбүрөөк татаал жана талаш-тартышуу жактарына кирет. XVIII кылымдын экинчи жарымынан баштап бул проблема орус, батыш европалык, чыгыш тарыхчыларынын, географтарынын жана хронисттеринин көңүлүн өзүнө бекем тартып келген. Кыргыздардын пайда болушу жөнүндө гипотезалар биринин артынан бири пайда болуп, ой жоруулар жана божомолдоолор айтылып, алардын этникалык тарыхынын ар түрдүү жактары изилденип… Кененирээк »

КЫРГЫЗ ЭЛИНИН ЧАРБАЛЫК УКЛАДЫ

Кыргызстандын территориясынан табылган археологиялык көп сандаган эстеликтер бул жерде байыркы мезгилде эле бай жана ар тараптан өнүккөн маданият болгондугун айгинелеп турат, ал маданият Орто Азия кош өзөнүнүн аймагында, ага канаатташ жаткан тоо-талаа жерлеринде жашашкан уруулардын жана элдердин маданияты менен тамырлаш. Байыркы мезгилде жана орто кылымдарда Тянь-Шанды жана Памир-Алайды мекендеген уруулардын урпактары тигил же бул даражада кыргыз элинин курамына… Кененирээк »

КЫРГЫЗ ЭЛИНИН ДЫЙКАНЧЫЛЫГЫ

 Кыргыздардын чарбачылыгы бир беткей өнүккөн эмес. Кыргыздардын малчылыгы дыйканчылык, анан анча-мынчалап аңчылык кылуу менен да айкалыштырылган, чындыгында ал комплекстүү мүнөздө болгон. Анткен менен кыргыздардын ар түрдүү топторунун чарбачылык багыт алуусу бирдей болгон эмес.

КЫРГЫЗ ЭЛИНИН АҢЧЫЛЫГЫ

Байыркы мезгилдерде эле кыргыздардын ата-бабаларынын негизги кесиптеринин бири болуп келген аңчылык XIX кылымдын башталышында деле кыргыздардын эмгекчи чарбаларында кыйла жөлөк-таяк болгон тармак бойдон кала берген. Элдик оозеки чыгармаларда жана аңыз кептерде мергенчилер айрым учурларда кедей айылдарды жана чакан жамааттарды эт менен жан сактатып келишкендиги жөнүндөгү эскерүүлөр сакталып калган.