САЙМА КӨЧӨТҮ

Кошкон | 19.09.2017

САЙМА КӨЧӨТҮ — саймачылыктын негизги кооздук каражаты. Бул буюм бетине «орнамент» (түр-оюм) түшүрүү дегенди түшүндүрөт. Ошентип, көчөт — бүтүм оюм-чиймени ирээти менен алмаштырып, жердик бетине түшүрүү дегендик. Саймачылар тигил-бул сайма ыкмасы аркылуу буюмга мындай көчөттөрдү түшүрүүдө баш-аламандыкка чалдыкпайт, сөзсүз шарттуулук жана ырааттуулук жол-жобосун сакташат. Мында да боек, (өң, түс) бирден-бир мааниге ээ болот. Саймачылар негизинен кызыл-көктү, кызыл-сарыны, кызыл-жашылды, кызыл-акты берип, анан кайра кызыл-көктү, кызыл-жашылды… айтор, көркөм көчөттөр тактыктан түк жазбайт.

Негизги элдик сайма көчөттөрүнө: «мүйүз», «айчык», «бадам» (миндаль) «тырмак», «гүл» өңдүүлөр кирет да, Түштүк-Түндүк Кыргызстандын журтчулугун бирдей аралаган. «Добу талаа», «такыя дөбө», «тогуз дөбө», «көөкөр» (түштүктө). Ушул сыяктуу түрлөрүнөн башка айбанаттар менен өсүмдүктөрдүн шарттуу сөлөкөттөрү да сайма көчөттөрүнөн жана көчөттөр үчүн оюм-чийимдерден сезилип турат.

Түштүк Кыргызстандын уздары саймачылыктын салттуу түрлөрүн ойдогудай улантып жатышат. Ал сайма көчөттөргө: «тал барки» (талдын жалбырагы), «ит таман» (төрт бөлүктөн турат, мунун ар биринин үчтөн элементи бар. Мындай элемент «карга тырмакты» да элестетет), «бадам» — анын жарымы «калемпир көчөт» болуп көрүнөт. Айрым уздардын айтымында, «бадам көчөтү» барыдан мурда пайда болот. Саймачылыкта «калемпир көчөт» (муну М. В. Рындин «мурч» деп айтат да, башкараак элестейт) да арбын пайдаланылат. «Анар көчөтү» көбүнчө «комуз тили» деген наамда таралат. Анын бир нече варианттары бар. Аны жердикке жоон алып да, ичке алып да сайса сайма көчөт жаралат. «Тогуз дөбө» — сайма көчөттөрүнүн канышасы. Бул сегиз жылдыз болуп да түшөт. Мунун элементтери бычак учтанып (араа тиштенип), он эки жылдыздай да көрүнөт. Ал, төтөн, балыш, жаздык өңдүү буюмдардагы кооздуктун жүзүн ачат. Аты айтып тургандай «балаты көчөтү» бутактанып, ийне жалбырактары жана тобурчактары өзү эле элестүү сезилет.

Түштүк Кыргызстанда саймачылардын көркөм көчөттөрдү сары саптоосунда канатташ элдер менен болгон маданий байланыштар билинет. Мисалы, «комуз тили» (өзбекче чарвача чарвахозийства) XIX кылымдарда Ташкент саймаларында арбын учурайт. «Чайнек койчу» (түпкүч), «чайнек» (чайнек көчөт) өзбектердин сайма буюмдарында арбын пайдаланылып келүүдө. «Сүлөөсүн тырмак» тажик саймаларында бар. Буларды чеберлер килем үлгүлөрүнө да колдоно беришет. Мына ушундай бай т\7рлерү ич ара айкалыштыруу аркылуу уздануу өзүбүздүн чеберлердин чыгармачылык татымын көрсөтөт.

Атактуу уздардын аты — жөнү кошо айтылып келе жаткан көркөм көчөттөр бар. «Абысайнап Баймоңолова (Нарын шаары). Ал көчөт элементтерин гүлдөн алат. «Сары көчөт» (Сары Алдаярбекова Ат-Башы району 1-Май айылы) уз шырдак оюмдарынан көркөм көчөт жаратат. Анан «Рапыя көчөт» (Абдыбекова Рапия, Жети- Өгүз району Кичи-Жаргылчак айылы). Ал көркөм көчөт үчүн элементти өсүмдүктөн алат. «Сайнап көчөттө» (Мусинова Сайнап Жети-Өгүз району Покровка айылы) уз шырдак оюмдары менен сайма көчөттөрүн айкалыштырып берет. «Жеңилдик көчөтүндө» (Жеңилдик Аралбаева — Фрунзе шаары) — кооздук мындайынан караганда дандын кылканы сымалданып, элдик «сыңар мүйүз» оюмунун элементин негизги каражат кылып алат. Ал «Жеңилдиктин кыргак көчөтү» деп айтылат. Натыйжада, ар кандай шартты, турмуштук кырдаалды эске тутуп, элдик бул чебердин саймасы массалуулукта бара жатат.

Элдик сайма көчөттөрүнөн сырткары саймачылар сүймөнчүлүккө жердик бетине В. И. Ленинди түшүрүшкөн. Ай жылдыздарды аралаган «спутник», «тынчтык көгүчкөндөрү», «байчечекей гүлдөрү» менен катар элдик оюм-чийимдин бөтөнчө белгилерин берүү аркылуу өзүнчө түзгөн сюжеттик-композициялар да сайма көчөттөрүнө бай каражат болууда. Уздар көркөм көчөттөрдүн чок ортосуна Мурдагы СССРдин анан Кыргыз ССРинин мамлекеттик гербдерин түшүрүүнү адатка айлантышкан. Ага саймачы өзүнө таандык «кыялын кошо берет». Мында да сүрөт түшүрүүчүлүккө берилип кетүүчүлүк болуп жатат.

Айрым саймачылар көркөм көчөттөр үчүн бай каражатты өзү жашаган чөйрөдөн алышат. Жаратылышы кооз жайлоолор, чытырман чыккан айгыр жалдуу арчалар, шоолдоп бой тиреген карагайлар, дүйүм гүлдөр уздарга элес берет. Ошол айтып бүткүс атайын көрүнүштөр бүгүн да, эртең да чыгармачыл адамдардын көкүрөгүнө жанып, көркөмдүк шыкты тартуулап турат. Көпчүлүк уздар мурун мунун үлгүсүн чийип алат. Чийип алган сайма көчөтү сайганда так түшөт.

Элдик сайма көчөттөрүнүн салттуулугунан жанып, бир нерсенин сүрөтүн түшүрүү, анын тегерегине көчөт элементтерин берүү көбөйүүдө. Айрым сайма буюмдарында «достук» деген жалпы мазмун даана берилет. Чок ортодон Советтик Социалисттик республикаларынын мамлекеттик Гербдери орун алып, ак кептерлер соболоп, байчечекей менен жоогазын гүлдөрү бажырайып, мындай саябалар жогорудагы берилген маанилүү сүрөттөргө айкалышат. Айрыкча, белгилей турган эң негизги бөтөнчөлүк анда тематика бар. Андай буюм бетиндеги сайма бир бүтүн учкай түшүнүктү тыкан түзүп турат. Анын чеке-бели, элдик оюм-чийимдин саймага таандык түрү менен кештеленет. Жөнөкөй кездемеге он-он беш өңдүн кашкая ачылып, анча да жыш көрүнбөй, көчөттөр ашык-кемсиз жыйнактуу жана айкын элестүү бүтүшү менен бир чети купулга толот. Саймачылар көчөт ордуна «Кремль», «ак кептер», «спутник», «восток кораблдери», «ВЛКСМдин белгиси», «Октябряттын белгиси», «Пионердин белгиси», «Жеңиш ордени», «жайлоо», «боз үй» өңдүү даяр теманын сүрөтүн саймачылыкта түшүрүүлөрү өнөрүбүз үчүн анча мааниге ээ эмес. Албетте, булар чынында нагыз элдик сайма көркөм көчөттөрүн символдоштуруп түшүрүү табиятына түк коошпойт.

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)





Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *