АБДУЛЛАХ БИН ЖУБАЙР (РА)

Авс уруусунан болуп, биринчи Акаба антташуусунан кийин Исламды кабыл алган. Мадиналык жетимиш киши менен биргеликте экинчи Акаба антташуусу  үчүн Меккеге келген. Антташуудан мурун Аз. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) менен жолугууну каалап, бир канча жолдоштору менен абасы Аббастын үйүндө болгон  Пайгамбарыбызга келишти. Бирок Аббас Аз. Пайгамбарыбыздын Мадиналыктар менен болгон байланышын Курайш уруусунан жашыруу керектигин түшүнгөндүгү үчүн, аларга бир гана Акабада көрүшө ала тургандыгын айтты. Абдуллах да башка ансарлар сыяктуу Акабада
Аз. Пайгамбарыбызга ант берген.
Абдуллах бин Жубайр Бадр жана Ухуд согуштарына катышкан. Ухуд согушунда Аз. Пайгамбарыбыз, душмандын арт жактан кол салуусуна тоскоол болуусу үчүн сол жактагы Айнайн дөбөсүнө Абдуллах бин Жубайрдын башчылыгында бир канча аскер жайгаштырып, ал жерден кандай гана учур болбосун жылбоолорун буйруду. Согуштун биринчи бөлүгүндө мусулмандардын жеңүүсүн көргөн жаачылардын бир бөлүгү олжодон куру калбоолору үчүн ылдый  түшө башташат. Абдуллах бин Жубайр Аз. Пайгамбарыбызды “ Силер бизди аркабыздан коргогула, турган жеринерден такыр жыл?
?агыла. Биз душманды жеңип, олжолорду бөлүшүп жатканыбызды көрүп турсаңарда, жылбагыла” –деген буйругун эскертет. Бирок булар эскертүүгө карабастан, дөбөдөн ылдый түшүп олжо топтой башташат. Аларга тоскоол боло албаган Абдуллах бин Жубайр жанында калган он эки жаачылар менен биргеликте, Халид бин Валиддин башчылыгындагы Курайш кошуунун атчан аскерлери менен согушууга мажбур болгон. Жебе атуу менен согушту баштаган Абдуллах жебеси түгөгөндө найзасы менен, ал да сынганда кылычы менен согушууну уланткан. Аягында Икрима бин Абу Жахл
жана анын жолдоштору тарабынан шейит болгон. Мушриктер аны өлтүрүү менен тим болбостон денесин кескилеп, курсагын жарып, ичеги-карынын чубап салышат. Аали –Имран сүрөсүнүн 152- аяты шейит болгонго чейин Аз. Пайгамбарыбыздын буйругун аткарууга аракет кылган Абдуллах жана анын жолдошторун мактоодо.