Категория: Ырлар

АРСТАНБЕКТИН БАТАСЫ

(Жеңижокко берген бата)Ырчы балам, Жеңижок,Сенде ырчылыктын кеми жок.Улардай таңшыр убагың,Кыдыр даарып жол болсун.Ырчы болсоң сынчы бол,Зөөкүрдү чабар камчы бол,Кургак жерге тамчы бол,Дүлөйлөргө кулак бол,Чөлдүү жерге булак бол.Аргымак минген баатыр бол,Алсыздарга жакын бол.Күлүк минген күчтүү бол,Күйдүргүгө миздүү бол.Жесирлерге жөлөк бол,Жетимдерге көмөк

Кененирээк окуу

БАКАЙ АТА БАТАСЫ

Айтулуу шумкар көздүү бол,Адам таппас сөздүү бол.Байсалдуу артык үзүлбөс,Бак баштаган күчтүү бол.Балага балтыр бешик бол,Бакытка ачык эшик бол.Улууну сыйлап жетик бол,Кичүүгө өмүр кешик бол.Аккан суунун шары бол,Балбандардын алы бол.Оорулууга дары бол,Опол тоодой кары бол.Кыдыр болсун жолдошуң,Кыйың күн башта болбосун.Ыйык тут

Кененирээк окуу

КОШОЙДУН БАТАСЫ

Абакеңиз эр Кошой,Дастарын (селде баш кийим) кыйгап чалынып,Жаратканга жалынып,Алакан жазды буркурап,Атпай журттун баарысы,Бата кылды чуркурап,Көп жыйылган өз ушул,Көпчүлүктүн көзүнчө,Кошойдун айткан сөзү ушул:Тилекти берсе бир Алла,Туулса мындан бир бала,Ургаачы болбой, эр болсун,Аюу болбой, шер болсун!Атышканын алсын деп,Күрөшкөнүн чалсын деп,Өлөңдүү жерди өрттөгөн,Өзүнөн

Кененирээк окуу

МАНАСТЫН БАТАСЫ

«Энеси суу кыргыздын,Атасы тоо кыргыздын»,Көрдүңбү сөздүн уңгусун.Ала-Тоо бойлоп көчкөн эл,Аркайган тоодо өскөн эл,Кирин карда жууган эл,Киндигин музда кескен эл,Заңкайган нечен тоо менен,Салгылашып келген эл.Ак элечек арсак тоо,Жалтырак муз, аппак кар,Жамбаштап жатып көнгөн эл,Малын карга жайган эл,Кыргыз деген неткен эл,Мөңгү суусун

Кененирээк окуу

Жаратылыш тууралуу ырлар

АЙГАИоганн ГётеАй нурун чачып турат буАймалап токой, шиберди.Ай, укмуш! Ушул убактыАрттырат кубат-жигерди.Талаанын моокун кандырып,Таралат сенин нурларың.Элжиреп, анда, албырып,Эсиме түштү мурдагым.Өткөндүн кайгы-кубанчыӨзөктө жанат турбайбы.Келечек күтөт уланчу,Өткөн иш — демек кур кайгы.Ага бер, булак, ага бер!Мөңкүштөп, туйлап, талпынып.Бара бер, алга, бара бер!Кеткенди

Кененирээк окуу

Жаз жөнүндө ырлар

МАЙ ЫРЫ                      Иоганн ГётеЖараткан дүйнөЖагып тур мага!Жапжашыл нургаЖанып тур талаа!Бөрсөйөт бүчүрБөлөнүп гүлгө,Шуудурайт бадалШумдуктуу тилде.Жыргал-ой! Жыргал,Жүрөктө чалкып,Жер менен ааламЖашоого балкып,Махаббат, сүйүүМакмалдан азем!Кудурет жетпесКубатың сезем.Бөлөйсүң, минтип,Талааны гүлгө,Ажайып сезим,Алешем дүйнө!Айпери сулууАшыкмын сага!Аймачы беттенАшыксың

Кененирээк окуу

Кыш жөнүндө ырлар

КышМына күз да учуп кетти,Кирип келди кыш дагы.Көрүнбөстөн учуп келди,Канаттуудай сыягы. Мына аяз кычырады,Көлмөлөрдү тоңдурду.Жаш балдарга кыш жыргалын,Белек кылып кол сунду. Укмуштуудай кооз чиймелер,Айнектерге тартылды.Аны көргөн кишилерди,Ал айран-таң калтырды. Кар айланып, жаайт, учат,Жер ак жабуу жамынат.Булуттардан күн көз кысат,Карда кыроо

Кененирээк окуу