Жаратылыш тууралуу ырлар

АЙГА
Иоганн Гёте
Ай нурун чачып турат бу
Аймалап токой, шиберди.
Ай, укмуш! Ушул убакты
Арттырат кубат-жигерди.
Талаанын моокун кандырып,
Таралат сенин нурларың.
Элжиреп, анда, албырып,
Эсиме түштү мурдагым.
Өткөндүн кайгы-кубанчы
Өзөктө жанат турбайбы.
Келечек күтөт уланчу,
Өткөн иш — демек кур кайгы.
Ага бер, булак, ага бер!
Мөңкүштөп, туйлап, талпынып.
Бара бер, алга, бара бер!
Кеткенди артка калтырып.
Менде да болгон бир нерсе
Мерчемге, ойго жетпеген.
Мертинип алып бир кезде
«Эх!» дегем, кейип «эх!» дегем.
Ага бер, булак, ага бер,
Жүрөктүн коштоп согушун.
Дарыдай болот мага эгер
Дем берип турса добушун.
Кычырап келген кышта да
Кайыгып изде күн көзүн.
Жаз келип турат тышта ана,
Жаш бүчүр сенден бүрдөсүн.
Турмушта такыр болбосун
Кекенүү, кытмыр такмаза.
Күтүүдө мени жан досум,
Көңүлү айдай таптаза.