Жаз жөнүндө ырлар

МАЙ ЫРЫ
                      Иоганн Гёте
Жараткан дүйнө
Жагып тур мага!
Жапжашыл нурга
Жанып тур талаа!
Бөрсөйөт бүчүр
Бөлөнүп гүлгө,
Шуудурайт бадал
Шумдуктуу тилде.
Жыргал-ой! Жыргал,
Жүрөктө чалкып,
Жер менен аалам
Жашоого балкып,
Махаббат, сүйүү
Макмалдан азем!
Кудурет жетпес
Кубатың сезем.
Бөлөйсүң, минтип,
Талааны гүлгө,
Ажайып сезим,
Алешем дүйнө!
Айпери сулуу
Ашыкмын сага!
Аймачы беттен
Ашыксың мага!
Аптыгат торгой
Абага, ырга,
Атылат болбой
Алыскы кырга.
Кучакка кысам,
Кумарым сени.
Жаштыгым менен
Сугарам сени.
Жапжашыл жазды,
Жашоону көрөм.
Бакытым менин
Бакытка бөлөн!