Кыш жөнүндө ырлар

Кыш
Мына күз да учуп кетти,
Кирип келди кыш дагы.
Көрүнбөстөн учуп келди,
Канаттуудай сыягы.

Мына аяз кычырады,
Көлмөлөрдү тоңдурду.
Жаш балдарга кыш жыргалын,
Белек кылып кол сунду.

Укмуштуудай кооз чиймелер,
Айнектерге тартылды.
Аны көргөн кишилерди,
Ал айран-таң калтырды.

Кар айланып, жаайт, учат,
Жер ак жабуу жамынат.
Булуттардан күн көз кысат,
Карда кыроо жаркырайт.

С. Есенин.