АБДУЛЛАХ БИН МАСУД (РА)

Толук аты Абу Абдуррахман Абдуллах бин Масуд бин Гафил бин Хабиб     ал-Хузали. Туулган жылы белгисиз. Абдуллах бин Масуд, алгачкы мусулмандардан болгон. Куфада тафсир жана фыкых мектептеринин куруучусу. Аз. Хадижа менен Аз. Алиден кийинки эле үчүнчү мусулман болгондугу  эл оозунда айтылып келген. Бирок ал өзү алтынчы мусулман болушунан сыймыктанаарын белгилеп кеткен. Атасы Масуд, энеси Умму Абд бинти Абдувад. Атасы жөнүндө кеңири маалымат жок. Анын Зухра уулдарынан  Абд бин Харистин тобунан экендиги белгилүү. Апасы Умму Абд бинти Абдувад жана бир тууганы Укба да алгачкы мусулмандардан болгон. Ибн Масуд жаш кезинде Укба бин Муайттын койлорун кайтарып, чабан болгон. Кой кайтарып жүрүп Пайгамбарыбыз менен Аз. Абу Бакрга жолугуп, Пайгамбарыбыздын бир да тууй элек чебичти Алланын ысмы менен саай баштаганда ал чебичтен сүт чыгарган мужизасын көрүп мусулман болгон. Ал мусулман болуп Пайгамбарыбыздан өзүн кызматчы кылып алуусун суранган жана Пайгамбарыбыздын ар дайым жанында болуп, көптөгөн кызматтарын кылган.
Абдуллах бин Масуд да башка мусулмандардай эле Меккеде мушриктерден азап-тозок, кыйынчылыктарды көргөн жана бул кыйынчылыктардан кутулуш үчүн Хабашстанга хижрат кылган. Абдуллах мушриктерден эч коркпостон Каабада ачык түрдү  Куран окуган  Пайгамбарыбыздан кийинки экинчи адам. Ал мусулман болгондо эч бир адам Пайгамбарыбыздын жанында намаз окуй алчу эмес жана каалаган жеринде Куранды үн чыгарып окуй алчу эмес. Себеби мушриктердин зулумунан коркушат эле. Бирок, Абдуллах бин Масуд бир күн Каабада отурган мушриктерге каршы “Биссмиллаахир-Рохмаанир-Рохиим” деп, “Рахман” сүрөөсүн окуй баштайт. Муну уккан мушриктер ибн Масудка асылып, башына, көзүнө ура башташат. Муштум, тепки, келтек алдында калып, сүрөөнү окуйалганчалык окуп, мушриктерге угузду жана бети-башы көгөрүп мусулмандардын алдына кайтып  келет. Ал эки кыблага карап намаз окуган жана Мадинага алгачкы хижрат кылгандардан болгон. Ал Пайгамбарыбыздын учурунда бардык согуштарга катышкан.  Ал Бадр согушунда  Абу Жахилди жараланган абалда жолуктуруп, аны өлтүрүп, Пайгамбарыбызга башын алып келген. Абдуллах жана апасына Мадинада Масжиди Набавинин арка тарабынан үй берилген жана Пайгамбардын үйүнө кеңири кирип-чыгуу үчүн  уруксат берилген. Бул себептен улам башка жактан келген келгиндилер аларды Пайгамбардын үй-бүлөсүнөн деп ойлошот эле. Абдуллах бин Масуд жаңы мусулман болгондорго Исламды үйрөтөөр эле.
Ал Аз. Умар тарабынан Куфа казысы болуп дайындалган. Кийин Сирияга казы жана мусулмандардын казынасын көзөмөлдөөчү болуп дайындалган. Аз. Умар шейит болгондон кийин Абуллах Мадинага кайтып келет жана бир аз убакыттан кийин Аз. Осмон тарабынан Куфага эски кызматына дайындалат. Мадинага кайтып келип, мушриктердин кыйноосунан улам ооруга чалдыгат жана ооруганына байланыштуу хижраттын  30-32-ж. миладий 652-53-жылы 60 жашында көз жумат. Жаназасын Аз. Осмон кылдырган  жана Баки мазарына коюлган,  Аз. Осмон бин Мазун кабырга койгон.
Абдуллах бин Масуд кыска бойлу, арык болчу. Чачын өстүрүп, кийимдеринин тазалыгына өтө көңүл бурат эле.  Жыпар-жыт, миск, жагымдуу атырларды сүрүнүп жүрчү. Жадакалса караңгыда да Абдуллахты сахабалар жытынан таанышчу. Анын 2 (эки) аялы, Райта жана Зейнеп, 3 (үч) уулу болгон. Ал балалуу боло электе Пайгамбарыбыз ага Абдуррахман лакабын ыйгарган. Кийин Абдуллах бин Масуд балалуу болгондо баласынын атын Абдуррахман койгон.

Абдуллах бин Масуддун хадис илиминдеги орду

Абдуллах бин Масуддун хадис илиминде орду, кошкон салымы зор. Андан көптөгөн сахаба жана табиундар хадис рываят кылышкан:  Абу Муса          ал-Ашарий, Ибн Аббас, Имран бин Хусейн, Жабир бин Абдуллах, Аннас бин Малик ж.б. сахабалар. Анын рываят кылган хадистери 848 ге жеткен. Анын рываят кылган  хадистеринин көбүн Ахмад бин Ханбал жана Тирмизинин “Сунан” эмгектеринен тапса болот. Анын 60 хадисин Бухари жана Муслим биргеликте рываят кылышкан. 21 хадисти Бухари. 35 хадисти Муслим жазган. Тактап айтканда Бухари Абдуллах бин Масуддан жалпы 85, Мус?
?им жалпы 99 хадис алып, “Сахих” хадистердин арасына кошушкан.
Ибн Масуддун Куфада медресеси болгон. Ал жерде Куран, хадис жана фыкыхтан сабак берген. Анын шакирттери: Алкама Машрук, Асвад, Абида, Кады Шурайх ж.б. ды атоого болот. Булардын ар бири улуу Ислам аалымдары болушкан. Булардын ичинен Алкама Абдуллахтын дайыма жанында болгон. Абдуллах бин Масудду аалымдар 2 көз карашта карашат: Кээ бирлери аны Муксирун сахабаларга кошкон, кээ бирлери аны Мукиллун сахабаларга кошкон.

Абдуллах бин Масуддун Куран илиминдеги орду

Абдуллах бин Масуддун Куран илиминде да орду жана салымы чоң. Анын илими Пайгамбарыбызга таянат. Ал мусулман болгондон кийин дайыма Куран жаттаган. Өзү айткандай 70 сүрөөнү Пайгамбарыбыздын өзүнөн үйрөнүп, жаттап, тапшырган. Кийинчерээк Куранды толугу менен жаттаган. Ибн Масуд Куран окуу жагынан өтө күчтүү эле. Сахабалардын эч бириси Куран окуу боюнча андан талаша алган эмес. Кырааты өтө жакшы болгондуктан бир күнү Ибн Масуд мечитте Куран окуп отурганда Пайгамбарыбыз (с.а.в.) менен Абу Бакр келип кунт коюп уккан. Ал Куранды мукамдуу үнү менен калкка уккулуктуу кылып окуйт эле. Пайгамбарыбыз да  анын Куран окуганын ырахат алуу менен угат эле. Ошондой эле ал Куранды катасыз, туура окуучу. Буга байланыштуу Пайгамбарыбыз (с.а.в.) мындай деген: “Куранды 4 (төрт) кишиден үйрөнгүлө. Алар: Ибн Умму Абд (Абдуллах бин Масуд), Муаз бин Жабал, Убай бин Кааб жана Салим”   “Куран кандай түшүрүлгөн болсо, дал ошондой кылып, ырахаттануу жана толкундануу менен окушту каалаган адам, Ибн Умму Абд (Абдуллах бин Масуд) дун кырааты менен окусун”  .Анын тафсир жана кыраат илими боюнча эң жакшы үйрөнгөн шакирттери Хасан Басри, Катаде, Абу Абдуррахман ас-Сулаймани жана Абу Амр аш-Шайбаани болгон. Ал талабаларына Курандын аяттарын ачыктап, тафсирлеп берчү жана ал сүрөө, аяттардын түшүш себебептери өтө жакшы билчү. Ал өзү мындай деген: “Аллахка ант ичемин Аллахтын китебинде кайсы жерде түшүрүлгөндүгүн мен билбеген сүрөө, ким жөнүндө түшкөндүгүн мен билбеген бир аят жок. Муну менен бирге Аллахтын китебин менден дагы жакшы билген, мен ага жолуга алатурган бир адам бар экенин билсем, дароо анын алдына барып андан пайдаланам.”

Абдуллах бин Масуддун фыкых илиминдеги орду

Ибн Масуд бир гана хафиз-каары, муфассир-тафсирчи болбостон факих-фыкыхчы да болгон. Ал Куфада талабаларына фыкых сабагынан да сабак берген. Анын жетиштирге талабалары саны жана сапаты жагынан жогорку даражада турат. Абдуллах бин Масуд Рей жана Кыяска орун берген жана өзүнүн иждихатын да колдонгон. Ал бул тууралу шакирттерине мындай деген:” Силерден бириңер өкүм бере турган абалга туш келсе, биринчи Аллахтын китебинен карасын. Өкүм таба албаса Алланын элчисинин өкүмдөрүнө карасын. Андан да таппаса өзүнүн иждихатына таянып өкүм   берсин. Аны да аткара албаса анда, өкүм чыгаруудан баш тартсын.”

Колдонулган адабияттар:

1) Садык Гавай : Сахабалар тарыхы (хайатус-сахааба) Кыргызча басылышы.  Бишкек-2012
2) İslam Ansklopedisi Türkiye Diyanet Vakfı  Cilt 1
3) Kırk Sahabi 1
4) Курстук иш 2008-ж. Аткарган: Турганов Уланбек. Тема: Хадис илиминдеги Муксимрун жана Мукиллун сахабалар.