АБДЫГАНЫ ЭРКЕБАЕВ

ЭРКЕБАЕВ Абдыганы (1953-ж., т., Алай р-ну) – сынчы, адабиятчы ж-а мамл. ишмер. 1975-ж. КМУнун филология факультетин, 1981-ж. СССР ИАсынын Дүйн. адабият ин-тунун аспирантурасын бүткөн. Филология илимдеринин доктору КРУИАсынын академиги. Алгачкы макалалары 1972-жылдан жарык көрө баштаган. “Азыркы учур жана кыргыз поэзиясы” аттуу тунгуч адабий сын макалалар жыйнагы 1980-ж. басылып чыккан. “Кыргыз прозасынын контрасттары” (1983), “Сын-сынчылар” (1986), “Элдик эпостон адабий эпоско..” (1990) жыйнактарына, о. эле орус тилинде жарык көргөн “Малоизученные страницы истории киргизской литературы” (1999) аттуу китебине топтолгон макала, портрет, изилдөөлөрүндө кыргыз жазма адабиятынын жаралышы ж-а өнүгүшү, көркөм мурас, адабий жанрлар сыяктуу актуалдуу ил. маселелер чагылдырылат. Адабиятчы тоталитардык идеологиянын курмандыктары болгон С. Карачев, К. Тыныстанов алгачкы муундагы акын-жазуучулардын чыг-лыгын ил. чөйрөгө кайрадан кайтаруу, улуттук адабият тарыхынын унутта калган барактарын толуктоо, о. эле түрк элдеринин орток руханий мурасы болгон байыркы түрк
адабиятын, таптык көз караштан өгөйлөнүп келген төкмө ж-а жазгыч акындардын чыгармаларын улуттук көркөм сөз тарыхынын бирдиктүү контекстинде кароо багытында көрүнүктүү салым кошту. Илимпоздун эмгектери жакынкы чет өлкөлөрдүн – венгер, поляк тилдеринде жарык көрдү. Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1983).
“Даңк” медалы м-н сыйланган.