АБСТРАКЦИЯ

АБСТРАКЦИЯ —   –  (лат. abstraktio)  –  таанып-билүүнүн диалектикалык жолунун этаптарынын бири; кубулушту,  процессти үйрөнүүдө  анын олуттуу эмес белгилери эске алынбастан, жөнөкөйлөштүрүп «таза түрдө» кароо ыкмасына  негизделген изилдөө методу.  Балада алгачкы А. анын күндөлүк аракетинде калыптанат. Мис., эки жашка чейинки бала өңү бир түстөгү ар түрдүү  оюнчуктардын ар башка экенин ажырата албайт же тескерисинче, ар башка түстө боёлгон оюнчуктардын бирдей экенин  түшүнбөйт. Бирок чоңдордун жардамы м-н тиешелүү  предметтик аракеттерди  өздөштүрүп, бала оюнчуктардын  түстөрүнө байланышкан анын касиеттеринен тез эле А-га өтөт, кандай түстө боёлгондугуна карабастан күрөкчө м-н кум  салып ойнойт.  Мектеп жашындагы балдарда болсо А-нын өнүгүшү түздөн-түз окууга (билим алууга) байланышкан. Бирок баланын  адегендеги ойлоосу  өтө  эле конкреттүү  болот. Мис., 1–класста бала 6 таякчага 2 таякчаны кошкондо канча таякча  болорун  өздөштүрсө  да, ал таякчаларсыз 6га 2ни кошкондо канча болорун айта албайт. Бирок бара-бара практика  жүзүндө  буюмдар м-н иштеп, билимге ж-а ыкмаларга ээ болгон сайын мугалимдин жетекчилиги астында окуучулар  конкреттүү  көрүнүштөн А-га  өтүү жөндөм-дүүлүгүнө үйрөнүшөт. Окутуудагы абстракциялаштыруу окуучунун жалпы  өнүгүшүн шарттайт, анткени ал анын окуу материалын  өздөштүрүү  кезиндеги анализдөө, салыштыруу ж. б. ойлонуу  аракеттеринин негизинде калыптанат. Мис., геометрияда перпендикуляр түшүнүгүн туура кабыл алып өздөштүрүү, ал  түшүнүктүн эң  негизги белгилерин (эки түз сызык, алардын кесилиши, алардын арасында бурчтун тик болушу)  анализдөөгө ж-а андан ары ал белгилерди конкреттүү көрүнүштөрдүн ар кандай формаларынан туура таап пайдаланууга  негизделет; ар түрдүү  буюмдардан же алардын сүрөттөлүштөрүнөн окуучулар перпендикулярдуулуктун негизги  белгилеринин бар же жок экендигин издешет. Мында алар фигуралардын, моделдердин, буюмдардын ж-а ар түрдүү  татаал курулуштардын кандай экендиктерине эч назар салбастан туруп, алардан перпендикулярдуулукту гана издешет.  Натыйжада алар үйрөнүлүп жаткан объекттердин олуттуу эмес белгилеринен А-га өтүүгө үйрөнүшөт.  

Окутуу процессинде А. эки формада болот:  1) конкреттүү  объекттердин сезилүүчү  көргөзмөлүү А-лары (схемалар,  чиймелер); 2) туюу органдарынын жардамы м-н сезилбестен ойдон куралып сөз аркылуу түшү-нүктү пайда кылуучу А.  жаңы окуу материалын өздөштүрүүнүн биринчи этаптарында сезилүүчү А. өтө зарыл, анткени ал көргөзмөлүү, далилдүү  ж-а ишенимдүү болот.  Окуу процессинде А-нын ар кандай деңгээли пайдаланылат, мунун өзү окуучулардын реалдуу чындыкты диалектикалык  көз карашта  үйрөнүү жөндөмдүүлүгүн арттырат. Мис., математика сабагында окуучуларга сандар  –  булар конкреттүү  буюмдардын А-сы, тамгалар болсо сандардын А-сы, көптүктөр – тамгалардын А-сы ж. б. экендигине ж-а бул А-лардын  улам кийинкиси улам мурдакысына салыштырмалуу жогорку даражадагы А. экендигин көрсөтүү  алардын жалпы  математикалык кругозорунун өсүшү үчүн өтө пайдалуу.