«АДАМДЫН ТУРМУШУ» РОМАНЫ. ОМОР СУЛТАНОВ

«Адамдын турмушу» деген Омор Султановдун ыр менен жазылган романын окуганымда капырайя, сөз менен да картина-сүрөт тартса болот экен го деп, суктанып калгамын. Ошону менен, тээ, 1950-жылдардагы студент кезинен бери билип, чыгармаларын үзбөй окуп жүрчү элем. Ал ар дайым өзү жашап аткан күндөлүк турмушун балкылдап соккон күрөө тамырын кармап алып, чыгармаларын жазчу. Ошондуктан ал дайым талаш-тартыштардын чордонунда жүрөөр эле. Ошон үчүн аны чыгармачылыгы башталганда эле формалист, абстракцонист, “койго келген жаат эчкидей” деп сындап чыгышканын да билем. “Бекер бала таз болбойт” дегендей Омор бүгүн “атактуу акын Омор Султанов» болуп чыга келди. Менин Оморго таң калганым-кыргыздын сөзүн архаикадан баштап, бүгүнкү күндөгү жаңы терминдерге чейин эң жакшы билип, ырдын ритмикасына аларды айкаштыра колдонгону. Сөздү жакшы билген акын учурдун дагы, тарыхтын дагы сүрөтүн даана тартат. Муну мен “Адамдын турмушунан” да баамдадым. Бул ыр менен жазылган романдагы окуяларды кара сөзгө салса бир канча томдон турмакбы дейм.

Атаганат, поэзия жарыктыктын касиетин карабайсынбы, -береги 2 эле кылымдагы кыргыз турмушун 70 жаштагы Качы карыя күнү бүгүнкүдөй кылып айтып берип атпайбы. Мында үркүндөгү кордук, кыргыздардын кырылышы, уруулаштардын чабышы, андан соң, колхоз. Совхоздун турмушу, анан кыргыз элин жөн эле жерден чыккан кырылыштан сактап калган Балбай, Жанек, сыяктуу Баатырлардын өмүр турмушу, психологиясы камтылат.

 

Иманов Акеш, филология илимдеринин доктору, профессор