АРСТАНБЕК БУЙЛАШ УУЛУ

БУЙЛАШ уулу Арстанбек (1824–1878, Ысыккөл өрөөнү) – кыргыздын залкар төкмө акыны ж-а ойчулу, чоң комузчу, күүчү ж-а обончу. «Замана” агымынын эң ири өкүлдөрүнүн бири. Калк ага «булбул” деген атак берген. Бугу уруусунун тынымсейит уругунан. Атасы Буйлаш бий болгон. Бирок анын чыг-лыгында турмуш-тиричилик жагдайлары бир кыйла деңгээлде карапайым адамдардын көз карашынан чагылдырылган. А. ырчы катары 16 жашында таанылган. Кокон төбөлдөрү кыйкымдап Буйлашты, башка дагы тынымсейит билермандарын ордого айдатып кеткенден кийин А. алардын артынан барып, ырдап, өз өнөрү м-н даткалардын, ордо бийлөөчүлөрүнүн купулуна толуп, атасы баштаган манаптарды куткарган. Ал Фергана тарапта бир жылча жүрүп, Наманган, Анжиянды аралап, көптөгөн ырчы, комузчулар м-н беттешип,  өз  өнөрүнүн артыкчылыгын даңазалап, туулган жерге чоң  ырчы атыгып кайткан. Кыргыз коомчулугунун кыйын кезеңинде  өмүр сүрүп, элдин Кокон хандыгына салык төлөп турганынан, сарыбагыш м-н бугу төбөлдөрүнүн чыгарган чатагынан калктын катуу тукулжураганына күбө  болгон. Кокон бийлигинин зордук-зомбулугунан калктын

каржалганын баяндоодо ал өзүн чоң сүрөткер катары көрсөткөн (тилекке каршы, ал ырларынан айрым үзүндүлөр гана бизге жетти). Ал эми бугу м-н сарыбагыштардын чатагы мезгилинде да көп ыр чыгарган экен. Айрыкча, Ормон хан өлтүрүлгөндөн кийин анын уруулаштары тарабынан бугулар катуу кысмакка алынып, калк чабылып, туш-тушка

көчкөндө бугулардын турмуш акыбалын сүрөттөп, эки урууну ынтымакташтырууга чакырып, ырдаган ырларынан айрым үзүндүлөр белгилүү. А-тин чыг-лыгында орчундуу теманы замана ырлары, эң  бараандуу  –  «Тар заман” түзгөн. «Тар заман” акындын турмуштук, коомдук-соц. көз карашынын жыйындысы. Бул чыгарма бир мезгилде эмес, болжолдуу түрдө  1852–70-жылдары түзүлүп калыптанган. «Тар замандын” окуясы шарттуу түрдө  эки бөлүктөн турат.

  1. Орустар басыпкеле жатат деген кабардан улам ырдалган ырлар.
  2. Орус колонизаторлору кыргыз жергесине келип, орношуп, бийлигин бекемдеген мезгилде акын күбө болгон окуялардын чагылдырылышы.

Акындын кабылдоо, баамдоо жөндөмү, чеберчилиги ушул кырдаалды баяндоодо ачык көрүнөт. Акын бул поэмасында соц. маселелерди курч козгоп, орус колонизаторлорунун кыргыз элине көрсөткөн жапасын  өтө  таамай сүрөттөйт. А. ал заманды «азуулууга бар заман, бечарага тар заман” катары мүнөздөгөн. Ал орустардын чарбалык ишиндеги, аскер кызматындагы жакшы жактарын да туура байкаган. Бирок, кантсе да А. айрым маселелер б-ча патриархалдык-феодалдык нарк-нусканын чегинде бек туруп, аны коргоого алган. Орустардын келиши м-н кыргыз коомчулугунун башкаруу иштерине, турмуш-тиричилигине, элдик каада-салтына, кулк-мүнөзүнө  кирип жаткан  өзгөрүүлөргө  ой жүгүртүп, ал жылыштырды көбүнесе ата-бабанын нускасынын, калыптанган элдик адеп-ахлактын бузулушу катары кабыл алган. «Тар замандын”  өзүнө  таандык обону, күүсү, кайрык кайталоолору комузда коштолуп аткарылган. Салмактуу сөз, уккулуктуу обон, үн айкалышып, калктын көкөйүндө  уялаган ой-санаасын козгоп, угуучуларга зор таасир калтырган. Чыгарманы акындын аткаруусунда угуп-көрүп калгандар: «Арстанбектин ырын көпчүлүк бүтүндөй дитин коюп, тунжурап ыйлап отуруп угушаар эле” – деп, бир

ооздон эскеришчү  экен. Чындыгында эле жайлуу конуш жерин,  өз алдынчалыгын жоготуп, орус колонизаторлорунун бийлигинен жабыркап турган калк «Тар заманды”  өз жашоосунун күзгүсү  катары кабыл алган. А-тин чыг-лык мүмкүнчүлүгү  кенен, жанрдык-мазмундук жагынан ар түрдүү  келген. Ал кошок, арман, санат, терме, керээз, ар кыл

багыттагы ырлар, поэмаларды жараткан. Айтыш  өнөрүнүн ири устаты болгон. Чыг-лык багыты жагынан нускоочу ырчылардын тобуна кирет. «Төштүк”, «Кожожаш”, «Чоро” («Шоро”), «Бердикожо жалгызым”, «Беш казак” сыяктуу эпос-поэмаларды, «Көкөтөйдүн ашын” чебер аткарган деп айтышат. Бирок, анын айтуусундагы эпикалык чыгармалардын

биринин да тексти бизге жеткен жок. Керээзиндеги маалыматка, айрым билгендердин айтымына караганда, ал комузчулукту, акындыкты бирдей алып жүргөн. Ал 500гө  жакын күү  чертиптир. Анын 200гө  жакыны  өзүнүн төл чыгармасы болгон деген кеп бар. Анын чоң комузчулар аркылуу бизге жеткен «Арстанбектин арман күүсү”, «Кербез”, «Кет букасы”, «Ат чубатар ботою” залкар күү-лөрүнүн катарында турган. Көптөгөн кыргыз, казак ырчы, комузчулары м-н беттешип, бири дагы аны жеңе алган эмес. Атактуулардан комузда Ормондун уулу Сейилканды, түштүктүк сарт ырчыны жеңген. Таластык Чоңду акындын жандырмагын жандырып, айтыштын татаал түрүндө  да  өз жөндөмүн көрсөткөн. Жеңижок аны издеп барып, Каркырада кезигип, саламдашып, ырдашат. Казак ырчысы Каңтарбай м-н беттешип, ал айтышпай жеңилсе, 1850-жылдарда «айтса сөзү  куюндай” Сүйүмбай м-н жолугушуп, алар бири-бирин оодара алышпаптыр. Булар бизге белгилүүлөрү гана. Кыргыз маданиятынын тарыхында А-тин мурасы чоң из калтырган.

Өз чыг-лыгы м-н замандаш ж-а кийинки (19-кылымдын акыры, 20-кылымдын башы) кыргыз төкмө  акындарына ж-а күүчүлөрүнө зор таасирин тийгизген. Анын улуулугу – өз доорунун курч проблемаларын козгоп, элдин турмуш жагдайы, келечектеги тагдыры коомдук, соц. ал-абалы ж-дө  терең ой жүгүртүүсүндө  тилекке каршы, залкар акындын чыг-лыгы кийинки күнгө чейин бир жактуу бааланып, анын патриархалдык-феодалдык мүнөздөгү көз карашы өтө коюулантылып, баса белгиленип келгендиктен, ал эскичил ырчы катары сындалып, иликтөө-изилдөө алганынан чектелип, чыгармалары жыйналбай, туура баасын албай келген. А-тин мурасына кайрылуу 90-жылдары гана колго алына баштаган.

 

Материал «КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК  ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды. БИШКЕК – 2004.  МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ