АРЫЗ

Арыз – жеке адамдын же топтошкон адамдардын тиешелүү кызмат адамдарына жазуу (кээде оозеки) түрүндөгү расмий билдирүүсү. Арызды кол менен же А4 форматындагы кагазга жазып берүүгө болот. Арыз жазуу үчүн атайы даярдалган бланктарды (формаларды) да пайдаланууга болот. Мындай стандарт бланктар министрлик, ведомство, мекеме, уюмдар тарабынан иштелип чыгып, алардын ички ишмердүүлүгүн уюштурууда керектелет. Арыз сунуш, өтүнүч, арыздануу, даттануу мазмунунда болушу мүмкүн. Арыздын төмөнкү түрлөрү кеңири жайылган: сураныч арызы, эсеп-кысап арызы, доо арызы.

 

Үлгүлөр:

 

Ж. Баласагын атындагы
улуттук университеттин
Экономика жана башкаруу
институтунун директору,
проф. Н. Молдокановго
финансы жана кредит
бөлүмүнүн 3-курсунун
студенти Эрлан Дөлөновдон

Арыз
Ден соолугума байланыштуу 2009-жылдын 13-ноябрынан баштап 1 (бир)
жылдык мөөнөткө академиялык өргүү алууга уруксат берүүңүздү өтүнөмүн.
Медициналык комиссиянын бүтүмүн арызга кошо тиркеймин.

15.09.2009. Колу/………………..

Бишкек гуманитардык университетинин
ректору, проф. А. И. Калдыбаевге
Бишкек шаарынын тургуну
Октябрь райондук ИИБи тарабынан
2001-жылдын 5-мартында берилген
А864598 номерлүү паспорт ээси,
«Алтын тамга» чакан ишканасынын
директору Улан Жолдошевден

Эсептешүү арызы
2008-жылдын 15-майындагы Сиз менен түзүлгөн келишимге ылайык Чыгыш
таануу факультетине таандык 2 миң китептин сыртын кайра каптап, оңдоп берүү милдеттенмесин алганмын. Китептердин сырты кайра капталды, айрылган беттери чапталып оңдолду жана университетке жеткирилди. Ушул жумуштарыма 10 000 (он миң) сом өлчөмүндөгү акы төлөп беришиңизди сураймын.

25.08.2008 Колу/…………………… У. Жолдошев

 

 

Чүй областынын Жайыл райондук
сотуна
Доогер: Жайыл районунун Эриктүү
айылынын Өмүрбек ат. көчөнүн
35-үйүнүн тургуну Аскар Сатаров
Жоопкер: Эриктүү айылынын Өмүрбек
ат. көчөнүн 37-үйүнүн тургуну АбдыКадыров

Доо арызы

Мен, Аскаров Сатар, 15 жылдан бери Абды Кадыров менен коңшу жашаймын.
2009-жылдын 10-августунда Абды Кадыров өз үйүнүн курулушун жүргүзүп
жатканда, курулуш материалдарын короосуна киргизип жатып менин үйүмдүн бир жак бурчун талкалап алган. Бул боюнча айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн комиссия акт түзгөн.
Келтирилген чыгымды төлөө же үйдүн бурчун оңдоп берүү жөнүндөгү менин
талабымды коңшум Абды Кадыров аткарбай койду.
Эл сотунан келтирилген зыянды А. Кадыровдон өндүрүп берүүнү суранам.
Тиркеме:
1. Айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн комиссиянын акты;
2. Үйдүн бурчунун бүгүнкү күндөгү абалынын фотосүрөтү.

15.09.2009 Колу/………………….. А. Кадыров