АР ДАЙЫМ ТЫНЧТЫК БОЛСУН

Эгерде дүйнөдө согуш болбосо дүйнө эли тынчтыкта жашайт. “Тынчтык бар жерде ырыс бар” деген макал бекеринен айтылбаса керек. Эгерде адамдар бири-бири менен тил табыша алса, мамлекет менен мамлекет туура көз карашта болсо, анда дүйнөдө согуш аз болмок. Согуштун айынан көптөгөн адамдар өмүрүнөн айрылып, үйлөр, заводдор, фабрикалар зыянга учурайт. Мисалга алсак, 1941-1945 жылдардын аралыгында Улуу Ата Мекендик согуш болгон. Советтер Союзу менен Германия согушкан. Анда адамдар өлүп, энелер сыздап, келиндер күйөөсүз, наристелер атасыз калган. Миңдеген фабрикалар бомба алдында калган. Адам каны суудай аккан. Эл-журтту ачарчылык каптаган. Согуштун аягында Советтер Союзу жеңишке ээ болгон. Бирок, биз ушул согуштан эмне таптык? Суудай аккан кандан, боздоп ыйлаган үндөн башка эч нерсе тапкан жокпуз. Ошол согуштун кесепети көп жылдар бою бизге кесепетин тийгизип келди. Улуу Ата Мекендик согушка чейин жана ал согуштан кийин деле адам баласы бири-бири менен согушуп бүтпөй келет. Согуш деген сөздүн өзү эле кулакка жагымсыз угулат. Деги дүйнө жүзүндөгү адамдарды гана эмес, көктө учкан куштар, жерде жашаган жан-жаныбарлар, ал тургай кумурскалар да тынчтыкты сүйүшөт. Тынчтык деген сөз өз ичине көп нерселерди камтыйт. Тынчтык болсо баары болот. Убактылуу кыйынчылыктардын баары өтөт. Дүйнөдө ар-дайым тынчтык болсун. Кайгырган эне менен атанын жүзүн, сыздап ыйлаган жаш жубайдын, атасынын караанына зар болгон наристенин жүзүн көрбөйлү. Биз адамдар согушту өзүбүз тилеп алабыз. Андан соң азабын тартабыз. Мен согушту каалабайм. Дүйнө эли ар-дайым тынчтыкта жашасын!

Баардык адам баласына мындай деп кайрылгым келет. “Оо адамдар, келгиле согуш деген атты тап-такыр унутабыз. Бири-бирибизге сый мамиле жасап, түшүнбөстүктөр болсо кечиришебиз. Ошондо гана дүйнөдө тынчтык орнойт. Ар дайым тынчтык болсун!”