АТАЛАРДАН АК БАТА: Дасторконго берилген бата

Дасторконуң дайыма майлуу сүттүү болсун!

****

Өрүш толо малың семиз

болсун.

Тубар малың эгиз болсун,
Сойгон коюң семиз болсун.
Айдан жылдан аман чыккын,
Эл-журтка жаккын.
Дасторкон жайган пейилиңден,
Шыбага, ырыс тапкын!

****
Өрүшүңөрдө мал жайласын,
Казаныңарда май кайнасын.
Үйүңөргө бакыт кушу конуп,
Жайлооңордо жылкыңар жайласын,
Өзөнүңөрдө балыгыңар жайнасын.
Башыңардан бакыт кетпесин,
Башканын каргышы жетпесин.
Балдарыңар чечен болсун,
Бир туугандар эсен болсун.
Айгырыңар үндүү болсун,
Кочкоруңар жүндүү болсун.
Корооңор кыктуу болсун,
Конушуңар ыктуу болсун.
Өгүзүңөр күчтүү болсун,
Инегиңер сүттүү болсун.
Куру сайыңардан суу аксын,
Кылган ишиңер элге жаксын!

****
Ашың-ашың, ашыңа,
Береке берсин башыңа.
Бөдөнөдөй жорголоп,
Кыргоолдой койкоңдоп,
Кыдыр келсин кашыңа.
Сенден байлык кетпесин.
Теңирим берген кесибиң,
Тебелесең кетпесин.
Чуулдашып карашкан,
Козучактар энеси,
Соолук бассын үйүңдү.

Эки-экиден сүзүшкөн,
Музоочактын энеси,
Сыйыр бассын үйүңдү.
Кишенешип тебишкен,

Кулунчактын энеси,
Бээ-жылкы бассын үйүңдү.
Эки өркөчү салпылдап,
Боточактын энеси,
Төөлөр бассын үйүңдү.
От жаккыдай чыт курсак,
Бала бассын үйүңдү.
Төр жакалай отурган,
Конок бассын үйүңдү.
Шыңкылдашып күлүшкөн,
Келин бассын үйүңдү.
Эртели-кеч сайрандап,
Элиң бассын үйүңдү.
Дасторконуң дайым толуп турсун,
Башыңа бакыт кушу конуп турсун!

Кийинчерээк ар кандай үлпөттөрдө, банкеттерде же үйлөнүү тойлордо болгон жерлерде көпчүлүк адамдар колдоруна ичкилик куюлган чөйчөктөрүн кармашып, сөздүн кунарын кетирип, тойдогу адамдар үргүлөй баштаганча сүйлөй беришет. Ошондон көрө, сөздун кыска , бирок нуска болгону жакшы эмеспи. Анткени супсак айтылган каалоо сөздөр адамдарды жадатып жиберет. Андыктан мына ушул баталардын көңүлүңүзгө жакканын көпчүлүк алдында көкөлөтө сүйлөп, сөз арнаган адамыңызга багытын буруп койсонуз, сөз өнөрүн сөөлөттөгөн, ойго терең, акылга кенен адам болуп көрүнөсүз.