АТАЛАРДАН АК БАТА

Эл менен кандаш-жандаш жашаган батаны сүйлөгөндөрдү, мурда болгон, таңды аппак атырып, күлкүлөрү менен күн батырган сөз баккан касиеттүү улуу инсандар чыгарышкан. Алардын берген баталары калк арасына желе жорткон желдей тараган. Алар бара-бара элдик түбөлүктүү кенчке айланган.

Ар бир «мен кыргызмын» деген инсан:

Жаттым тынч Жаздыгым кенч

Тилим-куран Тилегеним ыйман.

Йа жараткан,

Уйкумду мамык кыл,

Тилегенимди анык кыл.

Тургуза көр эсен-аман Оомийин!- деген бата менен жатып, аппак таңды бата менен атырган байыркы кыргыздардын турмушунда ал бирден-бир жакшылыкты берген кут катары тутулуп да, берилип да келген. Эр Манас кезектеги бир жоого аттанаардын алдында Бакай менен Кошойдон бата сураганда, эки кан мойнуна куруларын сала, алакандарын жая:

Жараткан уккун кебимди,

Сындыра көрбө белимди.

Кудай үстүн кыла көр.

Кабылан Манас шеримди,

Кытайды үстүн кылбагын,

Ободо Чолпон жылдыз бар.

Артына Кудай тарапта.

Каракалмак Манжуунун,

Жан деп кудай жаратсаң.

Дегеле көзүн каратпа.

Оомийин! — дешип чуркурап, баталарын беришсе, кан Кошой кундактай бели ийилген, күйүп турган чоктой кейиптенген Каныкей айымга:

Тилекти берсе бир Алла,

Туулса мындан бир бала,

Ургаачы болбой эр болсун!

Атышканын алсын деп,
Көрүшкөнүн чалсын деп,
Өлөндүү жерди өрттөгөн,
Өзүнөн бенде өпөгөн,
Туландуу жерди тутантып
Туугандын баарын кубантып,
Кайратын калк, эл туюп,
Суу ордуна кан төгүп,
Катылышкан душманын,
Өгөөлөсүн темирдей,
Акыры тууса эркеги,
Аты болсун Семетей,
Арууке келин баласы,
Акылдашы ар качан,
Ага болсун Күлчоро,
Кыдыра кырчын тал болсун,
Кырга чыга бергенде
Семетейге Кудай жар берсин! Оомийин!
-деп бата берет. Кошойдун батасы кабыл болуп, Каныкей Семетейдей эр жүрөк уулдуу болот. Ушундан улам эл ичинде Семетей батадан бүткөн, туулган деген канапуу накыл кеп айтылып калыптыр. Ал эми Нооруз майрамында көптөгөн айтымдар менен бирге Улустун улуу күнүндө, түнүндө:

Бакыттуу аш берсин,

Узун өмүр жаш берсин,

Улустун улуу Күнүндө,

Уулуң консун уяга,

Кызың консун кьмга,

Дөөлөтүндү ашырсын,

Душманың сынып-басынсын

Жөөлөгөн деми басылсын.

Менин берген бул батам

Улуу күнгө сактап жүргөн сүр батам Оомийин!- деген бата берилген. Адамдар каалашкан жерине көчүп келишип, каалаган конушуна конушканда:

Жаңы конушта
Жакканың арча болсун,
Жайылган малың санча болсун,
Күтүрөп корооң күлкүгө толсун,
Күнчүлүк угулган дүбүрткө толсун,
Уулуң ушул жайлоодой күр болсун.
Жер-суу, Тоо-таш,
Кайберени менен колдоп,
Мал жаның отко тунсун,
Калк башың кутка тунсун,
Оомийин!-деген ак тилектеги бата айтылган.
Кыргыздар жаңы өргөөнү (боз үйдү) көтөргөндө, аны көргөнү келгендер жана ага арналып жандык союлуп, эти желгенде ак дасторкон жыйылардын алдында меймандардын сакалдуусу:

Чамгарак чалкый берсин,

Керегең кеңий берсин,

Ушу үйгө кут келсин,

Душманың кемий берсин,

Күндө береке,

Күндө той болсун,

Кубаныч, шаттыкка толсун,

Уулуң Урум болсун,

Кызың Кырым болсун,

Бир күн эмес сызыл болсун,

Колуң узун болсун! Оомийин-деген батаны берген.

Байыркы кыргыздар жайлоого көчүп барышканда биринчи жолу желе тартышып, кулундар байланганда алардын жанына айыл аксакалдары басып барышып, кыбыла тарапты карашып:

Кулунуң, тайың жөрөлгөлүү болсун,
Сабаң көрөңгөлүү болсун.
Ортого чыгып топ бузган,
Ооздогу сөзүң өнөгөлүү болсун,
Желе бооң бек болсун,
Желдеген касың тек болсун
Табагыңда сүт турсун,
Аягыңда кут турсун,
Жылкындын үйүрү башка болсун,
Кулундары кашка болсун,
Жоргосу болсо кызың минсин.
Кас санаган оңбосун,
Жаратканың колдосун!
Оомийин!

-деп, ал эми көгөндөлгөн көзуларга барышып:

Эчкиң тууса, улагы эгиз болсун,

Эки жылда бир эчкиң сегиз болсун.

Күзүндөгү көтөрүп сойгонуңда.

Ичинен чара-чара май чыгып,

Семиз болсун.

Оомийин!-деген баталарын беришкен. Ушундай эле алар Кудай, арбак, Кыдыр ата колдо деген кайрылуу ак тилектерди да айтышкан.

Маселен:

Сакта Кудай!

Жараткан Жар бол

Йа Теңири,

Тил, көздөн сакта,

Медет бер баба.

Йа Кудурет,

Суук көздөн сакта,

Көөдөнсүз келинден сакта,

Татымсыз туздан сакта,

Арсыз кыздан сакта,

Капилет ордон сакта,

Кайрымсыз зордон сакта,

Жамгырсыз жаздан сакта

Тагдырсыз таздан сакта

делип, тиленсе, бир эле мезгилде Кудайдан:

Бакты берсең, байырлуу кылып бер,

Дөөлөт берсең, кайырылуу кылып бер.

Аял берсең сүйүктүү кылып бер,

Келиндин келиштүүсүн бер,

Аттын желиштүүсүн бер,

Өлүүбүзгө жумак бер.

Ушу тилегимди бөлүп-жарбай

Үйүп-төгүп бир-ак бер

-дешип суранышып, акырында алакандарын жая бата кылышкан.

Ал эми башка бир жаңы келген

келинге:

Алтындан болсун жакаң,
Күмүштөн болсун такаң
Ташка таруу өнгөнчө
Тарчылык көрбөй өткүлө,
Музга буудай өнгөнчө,
Муңчулук көрбөй өткүлө,
Жүзүңөр жайнап,
Келиштүү болгула,
Толгон айдай,
Өрүштүү болгула,
Катарыңардан озгула,
Козгогон чоктой козгула,
Эң алды берекечил болгула.
Көпкө ырайымдуу көлөкөчүл болгула.
Ден-соолук амандык болуп,
Узак өмүр жаш берсин,
Башыңарга кошуп баш берсин, Оомийин!
-деген шекилдүү көптөгөн баталар берилген.
Кыргыздардын арасында азан чакырып ат коюу да, наристени оозантканда, туулганда, кыркын чыгарганда, бешикке салганда, тушоосун кескенде, сүнөткө отургузганда, атка алгач минген эркек балага, кызга берилген баталар менен бирге уул, кыздарга атайын өзүнчө баталарды берүү салты да муундан-муунга өтүп, ооздон-оозго өтө айтылган. Маселен меймандардын колуна суу куйган кызга:

Колума суу куйган кызым,

Жүзүң суудай тунук болсун.

Тамчыдай тазарсын ниетиң,

Сапарың суудай узун болсун.

Олоңдой кара чачыңа,

Оролсун дөөлөт башыңа.

Максатыңа жетип,

Бактылуу бол айланайын.

Жигиттин сымбатына ээ бол,

Карылардын урматына ээ бол.

Уяң наздуу бол,

Узун өмүр жаштуу бол, Оомийин!

-деген бата берилсе, уулга:

Булактай тунук бол,
Кичүүгө өрнөк бол,
Жакшыга өнөк бол,
Жаман көздөн бөлөк бол,
Каптап кирсе калың жоо
Каш кайтарар сеси бол.
Акыл-ойдун кени бол,
Арыстандай айбаттуу бол,
Чалкар болуп көлдөй тол,
Чалкыган узак өмүрлүү бол.
Өмүрдүн баркын бил,
Жакшынын кадырын бил,
Адамдын адалын бил,
Достун адилин бил,
Жарындын көңүлүн бил,
Кудайдын амирин бил, Оомийин!
-деген ак тилекти каалаган бата берилген.

Кыргыздарда чекти басып алуучу душмандардан элин, жерин коргоого, кайрапуулукка, айбаттуулукка, бир эле үйдүн эмес миңдеген үйдүн баласы, калктын агасы, атасы кара кылды как жарган калыс, акыйкатчыл болууга чакырган баталар, тилектер да айтылган. Маселен эр жигитке:

Жүзүң нурлуу болсун,

Жүрөгүң сырлуу болсун,

Тилиң ырлуу болсун.

Жигиттин сырттаны атанып,

Өнөрүң сегиз кырлуу болсун,

Бир үйдүн баласы болбо,

Миң үйдүн санаасы бол

Бир элдин атасы болбо,

Миң элдин даанасы бол.

Бир тонго жака болбо,

Көп колдун агасы бол,

Акты ак деп баала,

Караны кара деп сана.

Өзөгүң талса өзөн боюн жагала,

Башыңа иш түшсө, көпчүлүктү сагала.

Белге таңуу кемер бол,

Өзүңө-өзүң кемел бол.

Досуңа эдил бол,

Жооңо катаал бол, Оомийин-деген шекилдүү бата, каалоо айтылган.

Ал эми алыска сапарга аттанышкан эр жүрөктүү жигиттерге карыялар кыбыланы карашып, алакандарын жая:

Балам сапарың олжолуу болсун,
Жорткон жолуң оң болсун.
Башыңа булут конбосун.
Кара ниеттин тилеги оңбосун,
Төрт тарабың шайлуу болсун,
Жорткон жолуң жайлуу болсун.
Күнүң чыгып жаркьграп,
Түнүң тынч айлуу болсун,
Ичкениң зам-замдын суусу болсун,
Ууртуң толо майлуу болсун.
Атың тулпар болсун,
Кушуң шумкар болсун,
Жалгыз башың эки болсун,
Эки башың жети болсун,
Жети башың жетимиш болсун,
Алты күндө алты айлык
Арыбай-талбай жол алгын.
Азыркыдай кол алгын.
Бабалардын арбагы,
Жолдош болсун.
Теңирим өзү колдосун Оомийин!
-деген ак тилектерин айта бата берип, сапарга узатышкан. Алар болсо берилген баталар, жакшы тилектер кабыл болуп, эл, жерине ойлогон ойлору ишке ашып, олжолуу Аман-эсен кайтышкан. Ушундан улам кыргыз эли бата менен агарып, көгөрүп, тукуму көбөйүп, өркүндөп, өсүп, кылымдан-кылымдарга жашай беришкен. Ал эми бата тийгендердин жүздөрү балбылдап жанган шамдай нурлуу, жан дүйнөлөрү байчечекейдей жаркыраган.