БАЙТИК баатыр

БАЙТИК баатыр Канай уулу (1817–20, Аларча капчыгайы, – 5.3.1886) – солто уруусунун чоң манаптарынын бири. Байтик калк арасында зор урмат-сыйга бөлөнгөн, эл башчысы, акылман жетекчи, баатыр болгон. Кыргыз жергесин Кокон хандыгынын эзүүсүнүн куткарыш үчүн күрөшкөндөрдүн катарында болуу менен, ушул жердеги башчы Рахматулла датканы жок кылууну уюштургандардын башында турган. Ал өз мезгилинин алысты даана көрө билген саясатчы катары, татаалдашкан кырдаалды так баамдап өз табынын, элинин кызыкчылыгын коргогон. 1860-жылдары Кокон хандыгына каршы күрөшкө көтөрүлгөн солто элин баштап 1862-ж. Пишпек сепилин алууга жана талкалоого активдүү катышкан. 1863-ж. Верныйдагы (Алматы) полковник Калпаковскийге кайрылган: «Биз Кокон хандыгынын эзүүсүнөн тажап бүттүк, Россияга кошулууну туура таптык». 1863–65-ж. генерал Черняевдин жүрүшүнө катышып, анын
жигиттери Мерке, Олуя-Ата, Чымкент сепилдерин алууга зор көмөк көрсөтүшкөн. падышачылыкка берилгендиги үчүн Байтик Анна тасмасына тагылган Чоң алтын медалга, III даражадагы Станислав орденине татыктуу болгон. Өз элинин үрп-адаттары, салт-санаасына таянуу менен түндүк кыргыз урууларын бириктирүүгө аракет жазаган. Бул максатта Талас,
Чүй жана Кемин өрөөндөрүндө болуп уруу башчылары менен келишим жүргүзгөн.