БАЛАСАГУН

БАЛАСАГУН (туурасы Баласагын) – Чүй өрөөнүнөн орун алган орто кылымга таандык шаар; Караханийлер мамл-нин борбору. Шаар ж-дө алгач маалымат берген араб автору Мукаддаси Б.ш-н башка шаарлардан чоң болгондугун, эли өтө көп экендигин баяндаган. Махмуд Кашгаринин «Китаб диван лугат ат-түрк» сөздүгүндө Б-дун 2-аты Кузордо деп да берилген. Б. ш-нда «Кутадгу биликтин» автору, акын, илимпоз, ойчул Жусуп Баласагуни туулуп-өскөн. Тарыхчылар В.Бартольд, А.Бернштам ж-а кыр-гыз окумуштуулары А. Абетеков, Ө. Караев, З. Эралиев тарыхый жазуу маалыматтарга ж-а археол. табылгаларына таянышып, ба-йыркы Б. азыркы Токмок ш-нын жанындагы Бурананын аймагында болгондугун, Акбешимди шаардын калдыгы, бир бөлүгү деп эсептешет. Шаардын ортосунда ири ак сарай, анын жанында бийик мунаралуу жамы мечит, кийинчерээк жамы мечиттин жанына сулалелик көрүстөн орун алган ж-а соода-сатык, мектеп, окуу жайлары, дүкөндөр, мончолор ж.б. болгон, о.эле элчиликтер жайгашкан. Шаардын сырты чоподон согулган дубал м-н курчалган. 14-к-да ич ара узакка созулган согуштардын натыйжасында жок болушу ыктымал.