БАЛБАЙ БААТЫР

БАЛБАЙ БААТЫР, Балбай Эшкожо уулу (1797–1867) – бугу уруусунун токойлуу уругунан чыккан беделдүү манап. Ал Боромбай м-н бирдикте 1855-ж. Омскиде Россиянын букаралыгына өтүү ж-дө бугу уруусунун атынан ант кармаган. 19-к-дын 50–60-жылдарында болгон бугу м-н сарыбагыш ортосундагы жаңжалда Б. бугу   32 тараптын кол башчыларынын бири катары белгилүү. Андагы чабыштардын биринде туткунга түшкөн Ормон ханды Б. катуу жарадар кылып, ал ошондон каза болгон. Россиядан алган сыйлыктарына карабастан ал орустарга баш ийгиси келбей өз айылы м-н Шинжандагы Текес суусунун боюна көчүп кеткен. 1864-ж. Чыгыш Түркстандагы цин-манжур эзүүсүнө каршы боштондук кыймылга катышкан. Көтөрүлүштөн пайдаланып, Сүмбөдөгү калмактардын бутпарастык кечилканасын чаап, калмактарды талоон кылууга катышкан. 1867-ж. жазында полковник В.А.Полторацкийдин кошууну Текеске келип, Б-ды туткунга түшүргөн. Верныйдагы түрмөгө камалып, күзгө маал ошол жерден каза тапкан.