БАЯНДАМА КАТ

Баяндама кат – аткарылган иш, түзүлгөн кырдаал, орун алган көрүнүш
жөнүндө маалымдоочу иштеген уюмду же жогорку мекеменин жетекчисине
жазылган иш кагазы. Ал өз ичине түзүүчүнүн корутундуларын жана сунуштарын камтыйт. Баяндама кат кызматкердин өзүнүн демилгеси боюнча да, жетекчиликтин көрсөтмөсү боюнча да даярдалат.
Мазмунуна жана максатына ылайык баяндама каттар маалыматтык жана отчёттук болуп экиге бөлүнөт.

 

ҮЛГҮ:

 

БАЯНДАМА КАТ

02.02. 2011-ж. Бишкек ш.
№ 247/6 заказын кошумча каржылоо жөнүндө
2012-жылдын экинчи жарым жылдыгында полиграфиялык кызматтар үчүн
баанын кескин түрдө көтөрүлүп кеткендигине жана сметанын өзгөрүшүнө
байланыштуу № 247/6 заказын аткаруу иштери бүтпөй калды. Бул ишти аягына
чыгуу үчүн дагы кошумча 50 000 (элүү миң) сом акча каражатын бөлүп берүүңүздү
суранам.

Бөлүм башчысы М. Нуржанов