БЕКСУЛТАН ЖАКИЕВ

ЖАКИЕВ Бексултан (1936-ж. т., Тоң р-ну) – драматург, прозачы. Кыргыз эл жазуучусу (1993), Кырг. Респ. иск-вого эмг. сиң. ишмери (1974). Кырг. Респ. Токтогул атн. мамл. сыйлыгынын лауреаты (1989). КМУнун филология факультетин (1958), Москвадагы жогорку сценарийлик курсун (1962) бүтүргөн. Ж. коомчулукка «Атанын тагдыры” (1959) аттуу алгачкы драмасы м-н таанылган. Анда драматург бир карыянын согуштун кесепетинен башына түшкөн оор трагедиясын көрсөтүү аркылуу бүткүл элдин кайгысын камтып, аны чеберчилик м-н жеткиликтүү берген. Ж-дин курч проблемалуу, көрүүчүлөр жылуу кабыл алышкан «Миң кыял” (1964), «Алтын аяк” (1967), «Өкүм” (1972), «Эртең жаңы жыл” (1975), «Жолугушуу” (1979), «Күттүргөн жаз да келер” (1981), «Саадак какты” (1982; сахнага 1986-ж. коюлган), «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай” (1989) ж. б. драмалары бар. Бир катар новелла, аңгеме, киносценарийлерин («Мурас”, «Искусство ж-дө 78 баян” ж. б. ), драмалык чыгармаларын камтыган «Атанын тагдыры” (1961), «Эртең жаңы жыл” (1979), «Саадак какты” (1987), «Мой старший брат моложе меня” ж. б. китептердин автору. «Атанын тагдыры” драмасы б-ча опера (В. Гусев), «Саадак какты” драмасы б-ча балет (Э. Жумабаев) жазылган. Ж-дин дээрлик бардык чыгармалары орус, якут, казак, украин, өзбек, түркмөн, корей ж. б. тилдерге которулган ж-а көптөгөн респ-дын театрларында коюлууда (мис., «Атанын тагдыры” Кыргыз академиялык драма театрында 500дөн ашык, Чымкент театрында 300дөн ашык жолу коюлган). Ж. кыргыз драматургиясында мазмунду берүүдө жаңы форма, жаңы ыкма м-н көркөм каражаттарды арбын пайдаланган, драматург каармандардын мүнөзүн психологиялык жактан ынанымдуу бере алган. «Миң кыял” (1964) драмасы кыргыз элинин белгилүү ойчул акыны Т. Сатылгановдун өмүр жолуна арналган. Драмада Токтогул м-н заман үнүнүн диалогун «Миң кыял” күүсүнүн добушу коштоп жүрүп отурат, б. а. Токтогулдун «Миң кыял” күүсү драмага өзөк кылып алынган. Драманын сюжетинде Токтогулдун  өмүр жолундагы көпчүлүккө  белгилүү  болгон урунттуу окуялар ырааты м-н чагылдырылган. «Алтын аяк” (1967) драмасынын башкы каарманы Миңжашар м-н чыгарманын аталышы дагы символикалуу. Ички мазмун ж-а сырткы форма бири-бирин шарттап, окуялардын динамикалуулугу м-н бирге окуя хронологиялык тартипте өнүгөт. Миңжашардын басып-өткөн жолун  өз алдынча төрт новеллага бөлгөн. Драма кыргыз элинин тарыхынын урунттуу учурлары  –  1916-ж. көтөрүлүш, коллективдештирүү, согуш мезгили ж-а андан кийинки илим м-н техниканын доорун ж-а анын адам тагдырына тийгизген таасирин көрсөткөн. Ж-дин «Өкүм” (1971) драмасында эки башка көз караштагы эки бир туугандын идеялык күрөшү  берилет. Эдилдин идеясын түпкүлүгүндө туура эмес дешке болбойт. Бирок, анын ою чыныгы гуманисттик идеяларга барып кошула албайт. А Жалил болсо ага карата каршылыгын согуш учурунда тылда эң керектүү оор жумушту аткарып жаткандыгына карабай, согушка өз эрки м-н суранып кетип калышы м-н көрсөтөт.  Өндүрүш темасына арналган «Эртең жаңы жыл” (1975) драмасы башкы каарман Сапардын чарбачылыктагы кетирген кемчиликтери  өмүрлүк жары Тамаранын жардамы аркылуу туура жолго түшүүсү  м-н аяктайт. «Саадак какты” (1982) притча-феериясы  өткөн замандын окуясын  өзөк кылып алып, азыркы заманда актуалдуу болуп турган тынчтыкты коргоо, ынтымакта жашоо проблемасын көтөргөн. «Жүрөлүчү  жүрөк оорутпай” трагикомедиясында мурда кыргыз турмушуна жат, карылар  үйүнө  ата-энесин тапшыруу ж-дө  ойго келбеген көрүнүш азыркы заманда соц. гана эмес, нравалык дагы кризис экендигин баса көрсөткөн.

 

Материал «КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК  ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды. БИШКЕК – 2004.  МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ