БЕК

БЕК – башкаруучу; орто кылымдагы түрк элдеринде жергиликтүү бийлик ээлерине берилүүчү титул. Б. мамлекеттеги эң  жогорку титул ээси – кагандан (хандан) төмөн туруп, жергиликтүү бир дубандын же аймактын бийлигин өз колуна  топтогон. Кокон хандыгына баш ийген кыргыздарда Б. өз вилаетинде хандын өкүлү болуп, хандын казынасына алыксалык чогултуу ишин көзөмөлдөгөн, хандын жергиликтүү өкүлү болуп, өз чегиндеги маселелерди чечип турган.