БИЙ

БИЙ – көчмөн жана жарым көчмөн түрк элдеринде уруу башчысынын мансап наамы же даражасы; дубанды, аймакты  бийлеген. XIX к. аягы ХХ к. башында кыргызда Б. – уруу (урук) башчысы болуу менен бирге саясий, акимдик, чарбалык  жана соттук милдеттерди да аткарган; Б-дин даражасы мурас катары атадан балага өткөн. ХIХ к. биринчи жарымында Б.  мансабы орто жана майда манаптарга, каада-салтты жакшы билген барктуу феодал, төбөлдөргө өтө баштаган. 1856–60-ж.  Россия падышачылыгы Түркстандагы башкаруунун тартиби жөнүндө чыгарган Жоболорго ылайык, казылар соту менен  бирге үч баскычтуу Б-лердин соту уюштурулган. Б-лердин соту үч жылдык мөөнүткө шайланган. Айылдык Б., болуштук  Б. болуп бөлүнгөн. Мезгил-мезгили менен Б-лердин жыйындары өткөрүлүп турган. Совет бийлигинин орношу менен Б.  жана бийлерге байланыштуу башкаруу институттары толугу менен жоюлган. Жүздөгөн жылдар бою кыргыз коомуна,  элдин каада-салтына кирип калган жана элдин талабын бир кыйла канааттандырган Б. институту бүгүнкү күндө  аксакалдар соту формасында кайрадан жандандырылууда.