БОЗ ҮЙ

«Төрт колдоп уук улаган,
Дөбөдөн үйүн сынаган.
Берметке шуру кынаган,
Белгиси жакшы байбиче,
Белестен үйүн сынаган» (Калык).

Бул — кыргыздын турак жайы. Элибиздин улуттук мүлкү.

Кыргыздын боз үйү — элдин сергек акылынан чыккан, чебер колунан тамган, теңдешсиз өзүнчө өнөр. Ал — укмуштай айлакердик көркөмдүккө, математикалык так эсепке жана физикалык тең салмакка ээ. Жалаң мал чарбачылыгын аркалаган эл каалаган жерге: мейли тоодо, мейли түздө жашоого бирдей оңтойлуу шарт түзгөн үйдү жаратып алуусуна жашоо-тиричилиги өзү мүмкүндүк берген. Калк жашаган жайларда керектүү жыгачтар чыккан. Кыргыздар боз үйдүн мына ушундай түрүн жаратышы үчүн турмуштук тажрыйбаларын, талантын, акыл-ойлорун жана кол өнөрчүлүгүн жумшаган.

Көчүүгө жеңил, каалаган жайга кондурууга ылайыкталган, жаан суусун тез агызган, табияттын ар кандай таасири-күчүнө туруктуулук кылган боз үйдүн ичине от жагууга жана жылуулукту сактоого да оңтойлоткон.

Кыргыздар жашоо-шартына ылайык боз үйдүн жүктөмө түрүн кабыл алышкан. Алачыктардын көчүрүп жүрүүгө ылайыктуу түрлөрүнүн андан аркы өнүктүрүлгөн түспөлү катары каралат. Боз үйдүн жыгач тулкусуна узанган усталар — чыныгы архитекторлор. Жайып тиксе, тең салмакты сактап, кыз такыясындай келишимдүү, бүктөп койсо, бир төөлүк жүк, көчүп-конууга ылайык, тоолуктардын сыймыктуу бул мүлкүнүн көлөмү, албетте, ар кандай болот.

Үйдүн жыгачы «он эки канат», «сегиз канат», «алты канат», «төрт канат», же «жүз баштуу», «сексен баштуу», «жетимиш баштуу», «элүү баштуу» деп айтылат. Чоң- кичинесин далилдеген үйдүн башы сайылган ууктун саны менен өлчөнөт. Тигип- чечүүгө жана көчүп-конууга, ички эмеректеринин орун алышына 55—65—75 баштуу үйлөр арбын жасалган. Боз үй «тигилиши мыкты», «бүркүттүн томогосундай», «топтой келип», «такыя түндүк», «жыгачтын маталышы мыкты» жана башка ушул сыяктуу жалпы элдин калыс сынынан өтөт. Ак өргөөнү көтөрүүдө көөрү төгүлгөн зергердин, жыгачынын, кайкач бармак оймочунун, саймачынын, өрмөкчүнүн, токуучунун, эшмечинин, түймөчүнүн, чырмакчынын, бычмачы- тикмечинин колдору катышат. Мунун эң чоңу «ак сарай» деп аталат.

Боз үйдү жасоодо, тигүүдө, чечүүдө, жүктөөдө, сактоодо көркөм кол өнөрчүлүктүн ар бир түрү табы менен кармалат да, тери — жүн, сайма, таар, жыгач, таш буюмдары боз үйдүн ички колдонмо-жасалгаларына катыш жасайт. Узчулук: оймочулук, саймачылык, чыгармачылык, өрмөкчүлүк, килемчилик, түймөчүлүк, бычмачылык, зергерчилик, кайышчылык, жыгаччылык, мүйүзчүлүк, таш чегүүчүлүк боз үйдөн көрүнүп, элдик буюм катары таанып-туюлат. Эстетикалык ыракат берет. Эгер өнөрдүн бирөө болбосо, үйдүн бир татым тузу кемийт. Боз үй көтөрүүчүлөр жогоруда санап кеткен узчулук (аялдарга таандык өнөр) аракеттерин бүтүндөй өзү эле бир колдон чыгарууга жетишкен. Ким зергер аталса, ал боз үйдүн устачылыгын түгөл кармаган.

Боз үй азыр ак өргөө катары тигилүүдө. Анда коломто жок. Үйдүн эни менен бирдей шырдак, ала кийиз, шалча салынат. Боочулары, тегиричи, кылдыроочу кадимки терме болот. Боз үй тигүүдө айырмачылыктар бар. Жасалга буюмдарында жашыл түс арбын пайдаланылса, ички жасалгалар жашыл болуп көрүнүп, аны «жашыл үй» дейт. Мына ушундай боекторуна карай «сары үй», «кара үй», «кызыл үй» деп айтылышы ыктымал.