БОРОМБАЙ Меңмурат уулу

БОРОМБАЙ Меңмурат уулу (1789–90-ж. чен – 1858) – Ысыккөл кылаасын жердеген бугу уруусунун ири манаптарынын бири; белек уругунан. 1843-ж. Жууку суусунун боюнда Кызылүңкүр деген жерде өз чебин курдурган. 1844-жылдан өз уруусунун атынан Россияга букаралыкка алуу өтүнүчү м-н Батыш Сибирь генералгубернаторлугуна элчилерин жиберип, кат м-н кайрылган (1844, 1848, 1853–55-ж). Анын элчилери 1855-ж. 17- январда Омск ш-нда Россияга өтүү антын кармашкан. Б. орус армиясынын полковниги чинин алып, бугу уруусунун ага манабы катары таанылган. Бугу м-н сарыбагыш урууларынын жаңжалы маалында (к. Ормон, Балбай макалаларын) анын эл-журту Текести көздөй көчүп, Б. Чыгыш Түркстандагы кытайлык бийликтерден көмөк сураган, бирок оң жооп ала албаган. Ошондон кийин орус бийликтерине кайрадан өтүнүч м-н кайрылган. Ич ара жаңжалды тынчытууда Б-дын өтүнүчү м-н келген орус аскерлеринин чакан кошуунунун чоң жардамы тийген. Б-дын П. П. Семёнов Тян-Шанскийге да көмөк көрсөткөнү маалим. Б элинин турмушун оңдоо үчүн калкын эгин эгип, жер-жемиш өстүрүп, бак-дарак тигүүгө үндөгөн. Жерлерин кашаа м-н тостуруп, эгин эктирген, алма, өрүк, алмурут, жүзүм тиктирген, коон-дарбыз ж.б. айдаткан. Б. билимдүү адамдарды абдан урматтаган. 1856-ж. Чокон Валиханов анын айлында жүрүп, баалуу маалыматтарды жыйнаган, Б-дын портретин карандаш м-н тарткан.